» Коом » Индиянын Гужарат штатында асма көпүрө кыйрап, 120 адам каза болду
Индиянын Гужарат штатында асма көпүрө кыйрап, 120 адам каза болду
31-октябрь, 12:38
218 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, учурда куткаруу, издөө иштери уланып жатат жана каза болгондордун саны дагы да көбөйүшү мүмкүн. "Морби шаарындагы Мачху дарыясындагы бул көпүрө XIX кылымдын аягында салынган жана жарым жылга жакын убакыт оңдолуп, жакында эле ачылган эле. Кырсык жекшемби күнү, 30-октябрда кечинде болгон. Жергиликтүү бийликтин кабарлашынча, көпүрөгө жана анын жанына 500дөй адам чогулган жана алар индуисттик Дивали фестивалын белгилеп жатышкан. Британ империясынын тушунда салынган 230 метрлик асма көпүрө келген-кеткендер арасында белгилүү аттракцион болгон. Премьер-министр Нарендра Моди кырсык болгон маалда Гужарат штатында иш сапар менен жүргөн. Ал штаттын башка министрине куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн топторду түзүүнү тапшырды жана мерт болгондордун жакындарына, жаракат алгандарга кенемте төлөнүп берилерин билдирди" деп жазылат маалыматта.