Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жокчулук жаман... Рысбек менен Камчынын өлүмүн алдына ала айткам”

“Жокчулук жаман... Рысбек менен Камчынын өлүмүн алдына ала айткам”

22-декабрь, 16:27
1 406 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы кездери кымбатчылыкка, жашоонун оорлошуна нааразы болгондор көбөйүп бараткандай. Өкмөт өнүгүп, карапайым калк жакырчылыкта калдыбы?


Ырыс Бекболот кызы, үй кожейкеси:

-- Кымбатчылык, жашоонун оорлошу жана ага нааразы болгондор жок эмес. Алыс кетпейли, мындан бир жыл мурун азык-түлүк азыркыга караганда 50-60% арзан эле. Муну моюнга алалы. Дагы шүгүр дейли, кумшекердин баасы өз ордунда калды. Бир жыл мурун бир бөлкө нан 16-17 сом болсо, азыр 25 сомдон арзаны жок. Каймак май (72%) 200 граммы 130 сом эле, азыр 180 сомго чыкты. Эттин баасы (биз көбүнчө уйдукуна басым кылабыз) былтыр 400-450 сом болсо, быйыл 550 сомдон ылдыйы жок. Эми мындай салыштыруулар көп. Ооба, кымбатчылык токтободу. Ал эми айлык акы ойдогудай эмес. Ошого карабастан өкмөтүбүз төшүн дүкүлдөтө чабууда. “Экономикалык секирик болуп атат. Ички дүң продукциянын өсүшү жогорулады” дегенин байма-бай угуудабыз. Эмнеси болсо да түпкүлүгүбүз түз болсо... 

Алмаз Акунов, “Салбурун” негиздөөчүсү:

-- Кичинебизден чоңубузга чейин иштин оңтоюна качып, жеңил акча табуу жагын көздөп калдык. Курулушка, чөп чапканга ж.б. оор жумуштарга киши таппайбыз. Ошол сыңары, жалгыз өкмөт иштеген менен биз өзүбүз ошого колкабыш кылып, камыр-жумур аралашып, жеңилин жерден, оорун колдон алганды билбей жатабыз. Жеке ишкерлер, фермерлер өз алдыларынча өкмөттүн көзүн карабастан эмгектенишүүдө. Аз да болсо иш алпарып, жумушчу орундар, айлык акы менен камсыз кылышып, мамлекетке тийешелүү салыгын төлөшүп, өлкө экономикасына аздыр-көптүр салым кошууда. Ал эми карапайым калктын басымдуу бөлүгү өкмөт жакты гана карап отурат. Ооба, ошол эле учурда биздин өкмөт болушунча элди жакырлантпастан, жакшы жашоодо багып кетиш үчүн болгон күч аракетин жумшап атат. Албетте, кээ бир аракеттери жакшы жыйынтык жана натыйжа берүүдө...

Гүлина Исмаилова, экстрасенс:

-- Азыр мага 120 негатив, 90 позитив келип атат. Бул кашкайган чындык, акыйкатты айткандан жана өлүмдөн да коркпойм. Мен учурдагы болуп атканды эмес, алдыда боло тургандарды айтам. Негизинен жаз-күз “талма оорум” (транска кирүү) кармап, өз алдымча айта берем. Рысбек Акматбаевди атып кетерден бир жума мурун божурагам. “Мечит, мылтыктын үнү. Ок жаңылды, атып кетти. Акмабаев өттү” дегем. Былтыр да Көлбаевди жок кылар алдында “Көлбаев Камчы, Камчы...” деп бир күн кечке айта берипмин. Анан эмне болду? Ал эми кымбатчылык боло берсин, бул коркунуч эмес. Негизгиси, жокчулук жаман. Ооба, колунда жоктогуларга кыйын эле, нанга жетпегендер бар. Алар менен эсептешкен жан жок. Бирок, оомал-төкмөл заманга жакындап калдык...           


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер