Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жусупбек Коргонбай уулу: “Чиновниктер бир жарым айлап эс ала турган учур эмес”

Жусупбек Коргонбай уулу: “Чиновниктер бир жарым айлап эс ала турган учур эмес”

26-май, 19:45
1 095 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жусупбек мырза, чиновниктердин эмгек өргүүсүнүн мөөнөтүн узартуу  боюнча мыйзам долбоору коомчулукка түшүнүксүз болуп калды. Сиз аны кайра чакыртып алдыңызбы, же ал долбоорго сиздин тийешеңиз жокпу?

-- Биз эки-үч мыйзам сунуштаганбыз. Азия оюндарынан же олимпиададан утуп келген спортчуларыбызга, алардын машыктыруучуларына бюджеттен акча бөлүүнү мыйзам жагынан бекитүү боюнча сунушту мен бергем. Аны билем. Экинчиси, депутаттар аткаруу бийлигине суроо-талап койгондо ага жооп берүү мөөнөтү бир ай болчу, жумуш батыраак жылышы үчүн ошону 14 күнгө кыскартууну сунуштагам. Ал эми эмгек өргүүсүн узартуу боюнча долбоор мага белгисиз. Юристтер адашып беришкен окшойт. Дагы бир жолу айтайын, ага менин тийешем жок. 

-- Эгер башка бирөөлөр тарабынан ошондой долбоор сунушталса, сиз колдойт белеңиз?

-- Майда кызматтагы мамлекеттик чиновниктерди айта албайм, бирок чоң кызматтагылардын баары иштеши керек. Кабинетине раскладушка коюп алып, түндөп иштей турган заман болуп жатат да. Чиновниктер антип бир жарым айлап эс ала турган учур эмес... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер