Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Алиев комитет төрагалыгынан кетишинин себебин айтты

Медер Алиев комитет төрагалыгынан кетишинин себебин айтты

30-ноябрь, 11:59
391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы, депутат Медер Алиев парламент төрагасынын атына комитет төрагалыгынан кетүү арызын жазды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда төрага Нурланбек Шакиев депутаттарга жарыялап, депутаттын арызы күтүүсүз болгонун айтты. Андан кийин сөз алып сүйлөгөн депутат Медер Алиев комитет жетекчилигинен кетүү чечимин өзү кабыл алганын айтып, бирок Кемпир-Абад маселеси буга себеп болгонун билдирди.

"Эч ким мени мажбурлаган жок. Кыскача айтып коёюн, өткөндө Кемпир-Абад боюнча маселе себеп болду" деди Алиев.

Медер Алиев Жогорку Кеңешке "Ишеним" партиясынын тизмеси менен шайланып келген. Ал адам укуктарын, сөз эркиндигин коргогон маселелерди көтөрүп жүрөт.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер