Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Бешимов: “Бүгүн бийликке болгон элдин ишеними эң төмөн учурга келди”

Аскар Бешимов: “Бүгүн бийликке болгон элдин ишеними эң төмөн учурга келди”

05-июнь, 23:54
611 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аскар Бешимов мырза эки ирет КР тышкы иштер министринин орун басар милдетин аркалады, Малайзия, Корея өлкөлөрүнө элчилик кызматта жүрдү. Учурда Дипломатиялык академияда эл аралык кызматташуу кафедрасында профессордун милдетинде экен. Аскар Бешимов мырзага 3-4 собол таштап, жообун алдым. Бир тууган агасы Бакыт Бешимовдун ал-жайын да билдик.

-- Бир кездерде КР тышкы иштер министринин орун басары кызматын аркаладыңыз. Кандай жетишкендиктер жана кандай мүчүлүштүктөр болду, мүмкүн болсо орчундууларына кыскача токтолосузбу?

-- Биринчиден, тышкы иштер министринин орун басары мыйзамга ылайык сөзсүз түрдө министрдин тапшырмаларын кынтыксыз аткарууга тийиш. Мамлекеттик кызматта, айрыкча дипломатияда өзүм билемдик деген жокко эсе. Негизги милдетим боюнча, чек ара, Россия, Кытай, Орто Азия өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар менен тыгыз иштештим. Албетте, ар бир иште жетишкен жана жетишпей калган жагдайлар болот. 2008-жылы сентябрь айында күтүүсүздөн Россиянын демилгеси менен Москвада Группа высокого уровня ОДКБ чакырылган. Анын жетекчилери тышкы иштер министринин орун басарлары болчу. Иш-чара боюнча алдын ала бизге маалымат берилген жок. Ал жерге барган учурубузда күн тартибинде бир эле маселе – Россия менен Грузиянын августта болгон согушу, анын негизинде Түштүк Осетия, Абхазияны өз алдынча таануу жана Россиянын позициясын кубаттоо экен. Армения, Беларусь, Казакстан колдоду, Кыргызстан болсо колдоодон баш тартык, Тажикстан позициясы жоктугун белгиледи. 

-- Эмнеге колдоодон баш тарттыңыз?

-- Менин позициям жана түшүндүрмөм мындайча болду: Россия-Грузия согушу ОДКБ өлкөлөрү үчүн күтүүсүз болгону, алдын ала Россия ОДКБ ичинде бул жөнүндө бир да жолу билдирүү же кеңешме өткөзбөгөнү, ал эми алардын «Защита прав соотечественников» дегени мен үчүн абдан күмөндүү болду. Ошон үчүн Россиянын бул ишке ОДКБ өлкөлөрүн аралаштырганы туура эместигин белгиледим. Албетте, бул позициям көпчүлүккө жаккан жок, Бишкекке кайтып келгенден кийин катуу талкуу болгон. Бирок, биздин чыгарган чечимдин негизинде Кыргызстан ошол позициясында калды. Бул менин эл аралык дипломатияда жасаган чечкиндүү кадамдарымдын бири болду. 

Мындан сырткары, Кыргызстандын эл аралык уюмдар менен иштөөсү боюнча айтсам, баарыбызга белгилүү болгондой, бизде БУУ, ОБСЕ, ЕС, ЮСАИД ж.б. көптөгөн эл аралык уюмдар бар. Негизги маселе жана алардын иштөө тартиби – Кыргызстанга кайсы бир деңгээлде жардам берүү. Ошол эле убакта, азыр деле, биргеликте иш алып баруу ойдогудай жолго коюлган эмес. Аны жакшы жолго коюу үчүн биздеги болгон эл аралык уюмдарды 2011-жылы март айында алдын ала иликтөөнүн негизинде ТИМге топтодук. Буга чейин эл аралык уюмдар бүт аракетин жана бюджетин жумшоо тармактары төмөндөгүчө болгон: адам укугун коргоо – 70%, коопсуздук маселелер – 18%, экономика жана экология – 7%, жана башкалар – 5%. Биздин оюбуз ушул теңсиздикти жакшы жолго коюу болчу. Бул жөнүндө БУУнун Нью-Йорктогу штаб квартирасында, ОБСЕнин Вена жана Женева шаарларында жогорку деңгээлде бир нече сүйлөшүүлөр болду. Жыйында биздин позиция бир нече ирет айтылды. Жыйынтыгында 2013-жылы адам укугун коргоо – 45%, коопсуздук маселе – 17%, экономика жана экология – 28 пайызга токтолушту. Мен муну да жетишкендик катары ойлойм.

-- Эми кемчилик же жетише албаган жактарын да айта кетиңиз...

-- Биринчи кезекте Кытай менен кызматташууну айтайын. 2011-жылдан баштап бир нече сунуштар министрге жана президенттин аппаратына киргизилген. Айрыкча келишим түзүүдө сөзсүз түрдө тең салмактуулук сакталышы зарыл. Мисалы, Казакстан 500 млн. доллар карыз алганда, биринчи иретте Казакстан-Кытай өкмөт аралык жардам берүү жөнүндө келишим түзүшкөн. Аткаручуу болуп белгиленген Казавтожол АО жана Эксимбанк. Өзбекстан 380 млн. доллар карыз алганда, өкмөт аралык келишим, аткаруучу Улуттук банк жана Эксимбанк. Ал эми биз болсо түздөн-түз өкмөт жана Эксимбанк менен келишим түзүп атабыз. Бул биринчиден, өзүбүздү кемсинтүү, экинчиден, чыр болгон учурда доомат койгондон баш тартуу. Эл аралык укук практикасына мындай жагдай таптакыр туура келбейт. Кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек ара боюнча өкмөт аралык комиссия мүчөсү катары көп жолу өз сунушумду бергем. 

-- Эмне деген?

-- Кыргыз-тажик комиссия мүчөлөрүнөн топ түзүп, биргиликте Россиянын архивдеринде иштөө. Эмне дегенде, көп учурда биз тарап барып бир архивде иштейбиз, а тажиктер бөлөк архивде. Жыйынтыгында ар тарап ар кандай документтерди көрсөтүп, ошону менен карама-каршылык жана бири-бирине ишенбөөчүлүк болуп калган. Ушунун айынан азыркыга чейин чек арада чыр-чатак уланууда.  

-- Бир тууган байкеңиз Бакыт мырза менен байланышыңыз барбы?

-- Бакыт байкем менен байланышым бар, ал Американын Бостон шаарындагы университетте профессор болуп иштейт, студенттерге сабак берет. Саясаттан таптакыр четтеп кеткен, иши да жок, ал жөнүндө сүйлөшпөйбүз деле.

-- Кыргызстанга келейин деген ою барбы? 

-- Кыргызстанга жакын арада келейин деген ою жок болсо керек, биротоло пенсияга чыккандан кийин эле болбосо.

-- Бакиевдин бийлиги тушунда сиз Бакиев тарапта, агаңыз Бакыт мырза оппозиция тарапта беле?.. 

-- Бакиевдин бийлиги учурунда агам оппозицияга өткөндө мени президенттин аппараты чакырып, “Бакыт дагы эле Максимге асылса, сен жумуштан ажырайсың!” деп катуу айтышты. Ошондой эле болду. 2008-жылы декабрь айында мени эч себепсиз, түшүндүрмөсүз жумуштан бошотуп коюшту. Анысы аз келгенсип, жарым жыл менин жумушумду ар тараптан текшеришти. Эч нерсе таппагандан кийин доомат жок, жанымды тынч коюшту.

-- Ошол эле кезде агаңыз Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабын жетектеп атканда, “Атамбаевди сатып кетпесең Аскар иниңди өлтүрөбүз” дегенге чейин барып, акырында Бакыт агаңыз айласыздан сиздин өмүрүңүздү сактап калыш үчүн Америкага качып кеткени ыраспы?

-- Мындай жагдай болгон эмес. Бакыт агам Америкага кеткенде, мен мамлекеттик жумушта эмес элем, “Атамбаевди сатып” деген сөздөр да суу кечпейт. Менимче, башка себептер болсо керек. Ал жагы кандай болгонун Бакыт агам өз учуру келгенде айтаар.

-- Күздөгү парламенттик шайлоо тынч өтөбү?

-- Шайлоо тынч өтөбү же ар-кандай нааразычылык болобу, баары бийликтин кадамдарына жараша болот. Баарына белгилүү, бүгүн бийликке болгон элдин ишеними эң төмөн учуру десем жаңылбайм. Ошол кезде бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого, фальсификацияга же админресурстарын ачык эле колдонсо, анда чоң толкундоо болушу толук мүмкүн.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер