Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, эксперт: “Энергетика министри Таалайбек Ибраев элди алдап жатат”

Расул Умбеталиев, эксперт: “Энергетика министри Таалайбек Ибраев элди алдап жатат”

20-декабрь, 23:33
2 050 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Светти керектүү учурларда өчүрбөй, түнкү саат 24:00дөн кийин чектөөлөргө барышканы туура болот беле?

-- Түнкү саат 24:00дөн кийин электр энергиясын пайдалануунун көлөмү кескин түрдө түшүп кетет. Күндүз 70-80 пайыз колдонот. Ошон үчүн түнкү убакытта чектөөлөргө барышса, электр энергиясын көп үнөмдөй албайт. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңеште, өкмөттүн отурумдарында, маалымат жыйындарда какшап, “кышында тартиптик чаралардан башка өчүрүүлөр болбойт” деп убада берип жаткан. Ошондой эле “Бишкек шаарында, Чүй аймагында ыш болбойт” деген. Бирок, азыркы кычыраган кышта, Ат-Башыда 30-35, Суусамырда 40-45, Чүй аймагында 15-18 градус суук болуп, элдин ден соолугуна, өмүрүнө түздөн-түз таасири тийип, коркунуч жаратып жатат. Энергетика министри кыштагы суукту эске албастан, айыл, райондордогу чоң көчөлөрдөгү көмөк чордондорго “ профилактикалык иштер жүрүп жатат, теректердин бутактарын кесүүдөбүз” деген шылтоо менен саат 9-00дөн 17-00гө чейин светти өчүрүп жатышат. 1-октябрдан баштап профилактикалык жана оңдоо-түзөө иштери болбошу керек. Болгону авариялык учурларда гана свет өчүшү керек эле. 

-- Баса, энергетика министри жетишсиз электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн сатып алууга макулдаштыбы?

-Таалайбек Ибраев “кыш мезгилинде 3,9 млрд. кВт/саат жетишсиз болот. Ал көлөмдү коңшу Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Россиядан сатып алабыз” деп убада берген. Бирок, аларда дагы күн суук болуп, электр энергиясы өздөрүнө жетишсиз болууда. Тагыраагы, бизге бере турган ашыгы жок. Мындай жагдайда Таалайбек Ибраевдин позициясы мени тынчсыздандырууда.

-Бизде электр энергиясын үнөмдөөнүн жолу барбы?

-- Жаз, жай, күз мезгилинде Токтогул суу сактагычындагы суу туура пайдаланган эмес. Коңшу мамлекеттердин суугатын толук камсыздап, айыл чарбасына сарптап алсын дешти. Суунун агымы 380-440 куб м/с болуп жатты. Болгону 190-230 куб м/с болуш керек эле. Азыркы күндө суунун агымы 840-880 куб м/с болуп жатат. Ушундай агым боло берсе, 2025-жылдын 1-апрелинде суунун көлөмү 7 млрд. кубга азыраак болуп калып, 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине керектүү көлөмдү чогулта албай калабыз.

Баса, Бишкек жана Чүй аймагын түтүн, ыш каптап кетти. Бул көйгөй элдин ден соолугуна, жаратылышка, экологияга ченебеген зыянын тийгизет. Ошондуктан энергетика жана жаратылыш ресурстар министрлиги кескин чараларды көрбөгөнү, президентке, элге берген убадасын аткарбаганы үчүн Таалайбек Ибраев Акылбек Жапаров менен кошо отставкага кетиши керек.

-Камбар-Ата–I ГЭСи канча убакытта курулуп бүтөт?

-3-4 жылдан ашык убакытка созулушу мүмкүн. Биз аны жок дегенде 7-8 жылдын ичинде чече алабыз. Анда энергетикалык коопсуздук тууралуу сөз кылсак болот. Электр энергиясы тартыш болбой, ички керектөө 100% канааттандырылат. Президент ачык айтты, тартыштык бар, өчүрүүлөр болуп жатат” деп. Чыныгы кыш келди, күн сууду. Жогорку вольттогу линияларды, көмөкчордондорду жана трансформаторлорду сактап калуу үчүн ченемдик-укуктук чаралар колдонуларын биз жакшы түшүнөбүз. Болгону, энергетика министринин кышында эч кандай чектөөлөр болбойт деген билдирүүсү – айткан сөзү менен иши дал келбегенин далилдеди. Эми анын кызмат ордун карай турган мезгилге келдик.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер