Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султанбай Айжигитов: “Экономика министрлиги күндөлүк иш менен гана шугулданып калган”

Султанбай Айжигитов: “Экономика министрлиги күндөлүк иш менен гана шугулданып калган”

17-февраль, 19:30
1 109 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Социалдык саясат комитетинин отурумунда экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов сиз сунуштаган стратегиялык пландоо жөнүндөгү мыйзамды “99 пайыз россиялык мыйзамдан көчүрүлгөн” деп мүнөздөдү. Сиз “плагиат” деген айыптоого макулсузбу?

-- Биринчиден, мен буларга “плагиат эмне экенин тактап алгыла” деп айтар элем. Бирөөнүн ишин колдонуп, анын атын айтпай өзүңдүкү катары берсең, ошону плагиат дейт. Долбоордун справка-негиздемесинде “Россия Федерациясынын мыйзамы негиз кылып алынды” деп так жазылып турат. Биздеги мыйзамдардын 70-80 пайызы кечээ Арабаев айткандай, Россиянын мыйзамдарынан алынган. Дегеле мыйзам чыгаруу ишинде плагиат деген түшүнүк болбойт. Башка маселе, Россиянын мыйзамдары менен биздин мыйзамдарда кээ бир терминдер бири-бирине дал келбей калышы мүмкүн, ошолорду дал келтириш керек. Бул мыйзамга каршы чыккан эч ким жок. Жалпы өкмөт деле каршы эмес. Экономика министрлиги эле каршы чыгып атат. Себеби, мыйзам өтө турган болсо, бүт жүк ошолордун мойнуна артылат. Бүт Кыргызстанга план түзүп бериш керек болот. Алар болсо күндөлүк иш менен гана шугулданып үйрөнүп калышкан. Бир жылдык да планы жок. План деп “жол картасын” түшүнүшөт. Ал план эмес, жөн гана “муну кылыш керек, тигини жасайлы” деген ниет эле. Ошон үчүн министрликтердин, региондордун бири-бири менен байланышы жок. Биздин стратегиялык пландоо алардын баарын бири-бирине байлап, бир системага салат. Эң негизгиси, бөлүнгөн акчалардын булагы, механизми дайын, баары максаттуу болот. Аны башка жакка буруп кетүү мүмкүн эмес. Натыйжада, коррупция да жок болот.

-- Министрдин орун басарынын “биздин экономикабыз Россияныкындай чоң эмес, чакан, ошон үчүн башкача мамиле керек” деген аргументине эмне дейсиз? 

-- Бул ошол министрдин орун басарынын деңгээлин көрсөтүп атат. Пландоо чоң же кичине мамлетке эмес, ар бир үй-бүлөгө керек. Эгер пландоо болбосо эч кандай ишиң жыйынтык бербейт. Жөнөкөй эле билими жок үй кожойкеси деле базарга барса “муну, тигини алам” деп пландап барат. Жөн эле барып алса башаламандык болот. Ошондой эле кеп да. Булар пландоону советтик пландоо менен адаштырып жатышат. Мен айтар элем, советтик ыкманы эстен чыгарыш керек. Биз сунуштап жаткан долбоор рыноктун шарты боюнча. Ошондой план болбосо, биз өнүгө албайбыз. Кытай рынок шартында пландоого 1970-жылы эле өткөн. Рынок шартындагы пландоо менен Япония 1950-жылдан 1985-жылга, Түштүк Корея 1965-жылдан 1990-жылга чейин экономикалык керемет жараткан. Мындайча айтканда, ким стратегиялык пландоого өтсө, ошол өнүгүп жатат. 2008-жылдан бери глобалдык каржы системасы туңгуюкка такалып, Батыш өлкөлөрү, Америка дагы “рынок баарын чечет” деген принциптен баш тартып, пландоо принцибине өтүшүүдө. Бул дүйнөлүк тенденция.

 Россиянын мыйзамын негиз кылып алган себебибиз, алар менен биздин экономикалык тарыхыбыз, менталитетибиз, азыркы өнүгүп жаткан жолубуз бир, атүгүл кетирген катачылыктарыбыз да окшош. Ошондуктан алардын мыйзамы бизге эң ыңгайлуу. Бул мыйзамды негиз кылып алуумдун дагы бир себеби, бюджеттин акчасын үнөмдөө. Себеби, андай татаал мыйзамды жазыш үчүн аябагандай чоң каражат кетет. Ошондуктан даяр нерсени алып эле колдонуш керек. Кайрадан велосипед ойлоп чыгаруунун кажети жок. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер