Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Алмаз Бейшеналиев: “Беш багытты билим берүү стандартына киргизебиз”

Министр Алмаз Бейшеналиев: “Беш багытты билим берүү стандартына киргизебиз”

13-февраль, 12:39
19 555 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан вирустун 3-толкуну келери маалымдалды. Аны эске алсак, ушул кезде окуучуларды офлайн окутуунун кажети бар беле? 

-- Жалпы билим берүү уюмдарында пандемия шартында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама КР саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан. Анда мектептерди ачуу локалдуу каралат. Башкача айтканда, ар бир шаар, район, айыл жергиликтүү деңгээлде эпидемиологиялык абалды эске алуу менен окуу мекемелерин ачты. Биз чечкиндүү кадамга бардык, коомчулуктун суранычын эске алуу менен мектептерди офлайн форматка өткөрдүк. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдөгү 2152 мектептин баарында санитардык талаптарды аткаруу менен окутуу реалдуу режимде жүрүп жатат. Онлайн окутуу учурунда көптөгөн ата-энелер мугалимдердин кадыр-баркын билишти. Күн сайын мектептер боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө. Эгерде абал курчуп, COVID-19 статистикасына таасир бере турган болсо, окуу мекемелери кайрадан жабылат. 

-- Билим берүү тармагынын көйгөйлөрү катары эмнени көрдүңүз? Аларды жөнгө салуу мүмкүнбү? 

-- Комплекстүү мамиле жок. Студенттердин талаптарына же эмгек рыногунун талаптарына жооп бербеген көптөгөн формалдуулуктар бар. Ошол эле учурда билим берүү тармагында консервативдик мамилени байкоого болот. Жүрүп жаткан дүйнөлүк тенденцияларды айкалыштырып, алып кете албагандыгыбыз сыяктуу кемчиликтерибиз байкалат. 

Албетте, буларды жөнгө салса болот. Бул үчүн жөн гана аракет кылыш керек. Бирок, билим берүү тармагы өзүңүздөр билгендей, жыйынтыгы дароо көрүнө турган тармак эмес. Азыркы жасалып жаткан иштердин үзүрүн алдыдагы 5-10 жылдын ичинде көрө алабыз. Коомдун өзгөрүүгө ачык жана даяр экендиги кубандырат. Жаштар өздөрү сапаттуу билим алууга умтулуп жана талап кылышууда. Демек, бул кырдаал жакшы жагына сөзсүз өзгөрөт (!) деп ишенсек болот.

-- Мамлекеттик мектептердин билим сапатын жогорулатуунун жолдору эмнелерде? 

-- Билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылык берилген стратегиялык багыты болуп саналат. Ошондуктан, билим берүү жаатында сапаттуу иш жүргүзүү – министрликтин күн тартибиндеги негизги маселелердин бири.

Министрлик быйылкы окуу жылында мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүнө тийешелүү шарттарды түзүү, балдар менен көбүрөөк иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү максатында толтурууга милдеттүү болгон документтердин санын азайтты. 

Андан тышкары, министрлик билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүү тартиби жөнүндө жобо иштеп чыкты. Аттестациянын максаты – мугалимдерге квалификациялык категорияны ыйгаруу, алардын педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин, кесиптик жана инсандык өсүшүн максаттуу жогорулатууга түрткү берүү болуп саналат. Ошондой эле мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүк деңгээлинин белгилүү бир квалификациялык талаптарга шайкештигин белгилөө, жалпы билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу дагы аттестациянын максаттарынын катарында.  

Министрлик учурда Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясын иштеп чыкты. 

Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоору иштелип чыкты, анын негизги өзгөчөлүктөрү:

  • профилдик билим берүүнүн базасы негизделди;
  • XXI кылымда балдарыбызга керек болгон негизги компетенциялар аныкталды;
  • жуурулуштуруп (интегрированное) окутуунун жана көп профилдүү окуу модулдарынын мүмкүнчүлүгү кеңейди;
  • жуурулуштуруп окутуунун натыйжасында окуу жүктөмдөрүн оптимизациялоо жана окуу предметтеринин санын кыскартуу үчүн база түзүлдү;
  • жогорку класстарда окутуу профилдик дифференциациялоонун негизинде ишке ашат.


Ошондой эле базистик окуу планынын долбоору иштелип чыкты, анын негизги өзгөчөлүктөрү:

  • мектеп компонентинин эсебинен жогорку класстарда профилдик окууга өтүү ишке ашат;
  • окуу предметтеринин саны оптимизацияланды жана жуурулуштурулду;
  • жалпы жана класстык жүктөмдөр оптимизацияланды;
  • бир сааттык предметтердин саны кыскарды.

Министрлик дагы бул багытта кошумча профилдик билим берүүгө, окуу предметтеринин жаңы ыкмаларын, окутуунун эң мыкты технологиялары боюнча электрондук билим берүү базасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Муну менен катар бүгүнкү күндө окуунун мазмунун карап жатабыз. Ага байланыштуу окуу китептерин жаңылап, ошону менен бирге программабызды, стандартыбызды жаңычыл түрдө иштеп жатабыз. 

Дүйнө жүзүндө азыр эң актуалдуу болуп жаткан тренд – STEAM (Science, technology, engineering, art and mathematics). Анда беш багытта билим берүүгө басым жасалатАндыктанбиз так илимдергетехнологиягаинженериягаматематикага жана искусствого абдан көңүл бурушубуз керекДүйнө жүзүндө булардын тили бирМисалыКыргызстанда тартылган бир сүрөттүн мааниси эмне болсоал Түштүк Африкада дагы ошол мааниге ээЖе болбосо, математикада экиге экини кошсо төрт болсо, бул дүйнөнүн баарында ошондой. 

Биз дүйнө менен интеграция болуучу предметтерди Кыргызстанда күчөтүп окутушубуз керек. Анткени, бүгүнкү күнү Кыргызстанда окуп жаткан окуучулар жана студенттер эртең Кыргызстанда гана иштейт (!) деген нерсе жок. Глобалдык, ааламдашкан бир дүйнө пайда болууда. Биздин бир эле Кыргызстандын шарттарында эмес, дүйнөлүк шарттарда иштеп кеткидей, атаандаштыкка жооп бергидей, тилдерге, билгичтикке сугарылган балдарды тарбиялашыбыз керек болуп жатат. Андыктан, англис тилине, IT технологияларына абдан чоң басым жасайбыз. Жогоруда көрсөтүлгөн 5 багытты билим берүүнүн стандартына киргизебиз

Кыргыз тили, кыргыз адабияты, географиябыз, тарыхыбыз, өзүбүздүн улутка байланыштуу маселелер, албетте, абдан маанилүү. Буларга дагы көңүл буруп, өзүбүздүн улуттук иденттүүлүгүбүздү унутпастан, улуттук баалуулуктарыбызды сыйлаган, ошону тарбия менен айкалыштырган жаңыча бир программаны иштеп чыгуу пландарыбыз бар. 

Эң негизгиси, жакында эле декабрь айында билим берүү жана илим министрлигинин тарбия концепсиясын кабыл алдык. Мындан кийин мектепке чейинки балдардан баштап, жогорку окуу жайды бүтүрүп кеткенге чейин ар бир окуучуну, студентти тарбиялык багытта дагы өнүктүрүү жагы каралат. Адамга берилген материалдык билимдер жетиштүү эмес. Ошондуктан, аларды моралдык, этикалык, эстетикалык жактан дагы өркүндөтүүнүн жолдорун иштеп жатабыз.

-- Сизге келип түшкөн арыз-даттануулардын көпчүлүк бөлүгү кайсы проблемаларга байланышкан?

-- Министрликке кат аркылуу, анонимдүү түрдө, электрондук почта аркылуу ар кандай арыздар, күнүмдүк турмуштагы көйгөйлөр көп түшөт. Жумасына бир жолу коомдук кабыл алуу болуп турат. Сырттан келген, кээде шашылыш жумуштары менен кайрылып калган жарандарды кабыл алабыз. Каттардын көпчүлүгү мектептин коллективинин ичиндеги маселелерге байланыштуу. Ошондой эле жетекчилик кызматта отургандарга арыздар көп түшөт (ректорлорго, директорлорго, бала бакчалардын жетекчилерине). Эң көп түшкөн арыздар – ата-энелерден жыйналып жаткан акчалар боюнча. Албетте, алар келип түшкөн тартиби боюнча каралып чыгат. Айта кетчү нерсе, Кыргызстанда биздин министрлик эң көп арыз, документацияны тейлеген министрлик болуп эсептелет.

-- Онлайн окутууну жөнгө салуу, анын жакшыртуу жаатында кандай иштер бар?

-- Мугалимдер үчүн дистанттык окутууну жана кайтарым байланышты уюштуруу боюнча атайын нускамалар иштелип чыгып, мектептерге жөнөтүлгөн. Мугалимдерге усулдук колдоо үчүн онлайн окутуулар, семинарлар, тренингдер жүргүзүлдү. Андан тышкары, телеканалдарда видеосабактарды көрсөтүү окуу жылдын аягына чейин улантылат. Аларды сапаттуу даярдоо үчүн методисттер жана координаторлор усулдук колдоо көрсөтүп турушат. Жалпысынан 7000 телесабак тартылып, аларды тартууда 260 мугалим катышты. Ошол сабактардын баары министрлик тарабынан жасалган билим берүү порталдарына жайгаштырылып, видеосабактардын окуучуларга жеткиликтүүлүгү жакшыртылды. 

Ошондой эле министрлик тарабынан окуучуларга бир топ билим берүү ресурстары сунушталды:

-      oku.edu.gov.kg;

-      kitep.edu.gov.kg;

-      Ibilim.kg;

-      bb.edu.gov.kg;

-      lib.kg;

-      Мега24 мобилдик тиркемеси


Мээрим Асанова

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер