Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Айбек Осмонов аймактык диалектиде эмес, адабий тилде сүйлөсүн!

Депутат Айбек Осмонов аймактык диалектиде эмес, адабий тилде сүйлөсүн!

12-декабрь, 09:00
687 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу трибунага чыккандан кийин депутат аймактык диалектиде эмес, адабий тилде сүйлөшү шарт. Бул эми жазылбаган мыйзам катары каралат. Тилекке каршы, Айбек Осмонов арзыбаган нерселерди трибунадан көтөрүп чыгып, анысы аз келгенсип, адабий тилде так сүйлөй албайт, тилин чайнап. Кичине өсүп, эки жагын карап, үйрөнсө болбойбу? Негизи Кыргызстандын булуң-бурчунда түрдүү диалектилер бар. Анын баарын жогорку трибунага алып чыгып, кокту-колоттун деңгээлинде эле чаргыта берүү акылга сыйбайт го? Жогорку алкактагы эрежени, этиканы сактоо парз! Эң башкысы, кыргыз элинин маңыздуулугуна шек келтирбей, адабий тилде так сүйлөш керек. Депутат ушул жагын эске алсын, болбосо унчукпай эле отурсун. Азырынча ушундай. Ал эми Айбек Осмоновдун кантип күңүрт иштерге аралашканы боюнча алдыда сөз кылабыз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер