Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» саясый партиясынын Жаштар канаты жаш инноваторлорду колдойт

«Биримдик» саясый партиясынын Жаштар канаты жаш инноваторлорду колдойт

23-сентябрь, 19:32
686 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» саясый партиясынын Жаштар канатынын лидерлери Нарындын активдүү жаштары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу штаб жетекчилери тарабынан ачылып, сөз "Биримдик" саясый партиясынын Жаштар канатынын лидери Махмуд Ойтемировго берилди. Ал иш-чарага чогулган жаштар менен жылуу учурашып, “Биримдик” саясый партиясынын идеологиясына жана алдыга коюлган максаттарга кененирээк токтолду. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Жаштар канатынын мүчөлөрү Улан Усенов жана Рустам Байголопов Жаштар канатынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Нарын облусу боюнча “Биримдик” партиясынын жаштар канатынын өкүлүн дайындоо, активдүү жаштар менен биргеликте иш алып баруу тууралуу маселе талкууланып, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, жаш инноваторлорду колдоо боюнча жигердүү иш-аракеттер улантыла турганы белгиленди. Нарындын жаш активисттери “Биримдик” саясый партиясынын Жаштар канаты мамлекеттик жаштар саясатынын жаңы деңгээлин көрсөтүп жаткандыгын белгилешип, алардын ишмердүүлүгүн толугу менен колдоп, биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билгизишти. Мындай жолугушуу дагы бир жолу жаштарды, алардын максаттарын билүү жана аларды кыйла дымактуу ишкердүүлүккө мобилизациялоо маанилүүлүгүн көрсөттү.

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер