Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Болот Шамшиевдин абалы оор экени айтылууда

Болот Шамшиевдин абалы оор экени айтылууда

16-декабрь, 16:44
462 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздын улуу режиссёру“Кыргыз кереметин” жаратуучулардын бири, белгилүү сценарист Болот Шамшиев учурда абалы оор экенин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты. 

Депутат айым Болот Шамшиев менен чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөп, алдына төмөндөгүдөй билдирүү жазды:
“Болот Төлөнөвич Шамшиев
, азыр оор абалда ооруканада. Ооруканага түшкөндө чалды эле, бирок, реанимация болгондуктан дарыгерлердин сунушун туура кабыл алгам. Эми жүрөгүм ушунчалык ооруп жатат. Негизи эле биз тирүү кезинде эч бир таланттуу гениалдуу инсанды баалай албай жатабыз. Болот Төлөнөвич, Сиз күчтүү адам катары ооруну жеңесиз. Анан өзүңүз машинаны айдап келип, ушунчалык сонун ойлорунузду айтасыз. 9-майда Өзгөндө китептериңиздин кечесин өткөрөбүз! Пландар бизде көп эмес беле!”

Эске салсак, Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал: “Ак кеме”, “Караш-Караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Адамдардын арасында”, “Эрте жаздагы турналар”, “Бөрү зындан”, “Снайперлер”, “Фудзиямага чыгуу” тасмаларын тарткан.

Азыр Болот Шамшиев 78 жашта.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер