Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Жаштар" деп эле баарын бир мүшөккө салып койбойлу”

Назира Айтбекова: “Жаштар" деп эле баарын бир мүшөккө салып койбойлу”

14-октябрь, 12:01
840 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жаштар экиге бөлүнөт. Прогрессивдүү жаштар жана деградацияга учураган жаштар. Прогрессивдүү жаштарга билимдүүлөр, өз алдынча ой жүгүртө алгандар, анализ жасап, өз оюна бекем тургандар кирет. Прогрессивдүү жаштар кечээ башыбызга каран түн түшүп атканда дары ташып, волонтёр болуп, же кечээ митингде элдин эртеңин ойлоп, люстрация талап кылып, шаарды тазалап, мародерлордон коргоп тургандар кирет. Алардын артында кең келечек турат. Деградацияга учураган жаштар болсо, билимден баш тарткандар, кара күчкө эгедер, ой жүгүртүүсү кыска, оома, өз алдынча анализ жасай албагандар. Радикалдашып, же бир адамга, бир идеяга фанат болуп кетишет. Ал акылдуу деп эсептеген же ал үчүн авторитет болгон адам бир пикирин айтса, ошого аябай ишенет жана андан башка чындыкты кабыл албайт. "Жаштар" деп эле баарын бир мүшөккө салып койгон туура эмес. Алтургай Акүйдү деградацияга учураган жаштар талкалап-тоноду, прогрессивдүүлөр кайтарып, далай оокатын сактап калды, эртеси Акүйдү тазалап жүрдү. Прогрессивдүүлөр бир адамдын же бир партиянын фанаты боло албайт! Алтын ортону кармаганды билет жана баардыгы тынчтык жолу менен чечилишин каалайт! Прогрессивдүүлөрдүн саны эбегейсиз аз болгондугуна байланыштуу өлкөнү алып кетүү кыйын болуп турат. Ошон үчүн калың катмарды билимге сугарып, аң-сезимин өстүрүүгө көмөк бололу. Ар кыл долбоорлорду жазалы, жер-жерлерди кыдыралы, жардам берели, оңдойлу. Билимсиз жарыкка чыгуу өтө кыйын. Өлкө башына билимдүүлөрдүн, прогрессивдүүлөрдүн келиши өтө маанилүү!
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер