Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда 100 миңдей киши иш издеп жатат

Кыргызстанда 100 миңдей киши иш издеп жатат

01-март, 11:56
559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда жумуш издегендердин саны 99,3 миңге жетти. Бул туурауу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине шилтеме берип улуттук статистика комитети билдирди.

"Жыл башында өлкө боюнча ишсиз катары расмий каттоого туруп, жумуш издегендердин саны 99 миңден ашты. Бул былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 0,6 пайызга көп" деп айтылат билдирүүдө.

Иштеген иши жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (21,7 миң киши), Ош (19,4 миң) жана Баткен облустарында (дээрлик 10 миң) жашайт. Калган аймактарда жумушу жок адамдардын саны 7 миңден төмөн.

Маалыматка караганда, өлкөдө бул топко кирген жарандардын 45,2 пайызы аялдар.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер