“Тарыхый мурас тизмесине кирген имараттарды бузуу – маңкурттук!”

-- Тарыхый мураска кирген имараттарды бузуу, ордуна башка курулуштарды салуу канчалык деңгээлде маанилүү? Өнүккөн мамлекеттер бул жагына башкача карашат экен го?
Кыяс Молдокасымов, тарыхчы:
-- Тарыхый мурас тизмесине кирген имараттарды бузганга да, адистердин катышуусуз одоно реставрация кылганга да, чет өлкөлүктөргө арендага берип же сатканга да мыйзам жол бербейт! Дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө ушундай. Кыргызстан да алардай болобуз деп келишимдерге кол коюп, эл аралык уюмдарга мүчө болгонбуз. Ошондуктан биздин өлкө келишимдерди бир тараптуу бузбашы керек. Түшүнүк менен эмес мыйзам менен жашоону бийликтегилер өздөрү өрнөк болуп көргөзбөсө, жалпы жарандар жапайы жолго түшүп кетпейби?!
Рахат Аманова, жазуучу:
-- Тарыхый мурас тизмесине кирген имараттарды бузуу, ачыгын айтканда, бул – маңкурттук. Мынакей, ордолуу Ош шаарына 3000 миң жыл деп атабыз. Тарых илиминде шаарыбыздын расмий жашы б.з.ч. 9 кылымга барат, б.а. 2900 жыл. Бул расмий маалыматты белгилүү тарыхчылар байыркы турактан табылган археологиялык табылгаларга жана иликтөөлөргө карап кабыл алышты. Бул бир эле мисал.
Кесибим тарыхчы болгондуктан, тарыхый мурастар тууралуу орчундуу маселеге кайдыгер боло албайм. Жогоруда бир эле мисал келтирип кеттим. Ал эми Кыргызстандын аймагы байыркы замандан бери кандай шумдук цивилизациялардын чордону болгон?! Мына ошол цивилизациялардан эмнелер сакталып калды? Азганактай гана материалдык маданият үлгүлөрү бар. Тарыхый булактардын эң орчундуусу материалдык булак катары эсептелет. Анын ичинде тарыхый мураска калган имараттар ар бир элдин, мамлекеттин маданий баалуулугу, байлыгы, көөнөргүс табылгасы.
Учурда орто кылымдан калган Бурана менен Өзгөн мунарасы жана Таластагы Манастын күмбөзү атыккан жай, Кошой-Коргон, мечит, медресе ж.б. анча-мынча маданий, тарыхый мурастарыбыздан башка жок дегенде орто кылымдан бери калган эмнебиз бар?
Андан бери карай Советтер Союзунун маалында курулган, учурда тарыхый мурас тизмесине кирген имараттарыбыз бар, бүттү. Эми ушул СССРдин тушунда курулган имараттарды жок кылып алсак, Айтматовдой аалымды жараткан кыргыз Айтматов айтып кеткен маңкуртка айланганыбыз ошол. Анткени тарыхый мурастарды өз доорундагы идеология, саясатына карабай бүт дүйнө эли көздүн карегиндей сактап келе жатышат. А биз адегенде эле кечээки басып өткөн тарыхый жолубуздан мураска калган имараттарды жок кылганга ашыгып атабыз.
Эгерде элдин ушул мурастарына кол салуу башталса, анда ал мурастарды коргоп чыга тургандар да арбын. Коомчулук да жөн турбайт. Ушуну эске алган оң.
"Азия Ньюс" гезити