Мэр Эмилбек Абдыкадыров иштей албай, элдин кыжырын кайнатууда

Бишкек шаарынын тургундары мэр Эмилбек Абдыкадыровдон түңүлө баштады. Эң жөнөкөй маселе – таштандыларды убагында тазалай албай, сын-пикир курчуп турган чак. Жайдын күнү акыр-чикирлер убагында алынбаса жыттанып, кандай көрүнүштө болорун элестетип атсаңар керек. Мэр тазалыкты сактоо жагынан аксады, иштей албай калды. Кенебестиги, “кашаң” жүрүшү көнүмүшкө айлангандай. Ал эми бак-дарактар жайдын ортосунда эле куурап баштаган, бул жагынан алдын ала чаралар көрүлгөн жок. Абдыкадыровдон ийгиликтүү демилгелерди эч ким күтпөй калды. Инвестиция тартууга, туризимди өнүктүрүүгө акыл-парасаты жетпейт экен. Бул жагы түш сыңарындай эле кабылданууда. Эң элементардуу таштандыларды убагында тазалатууну уюштура албай, мукурап калганы көрүндү. Элибизди мындай мэр качанкыга чейин кыйнай берет?
"Азия Ньюс" гезити