Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Жеңил жаза алган Абылгазиев бийликти “сыйкырлап” кеткендей...
Жеңил жаза алган Абылгазиев бийликти “сыйкырлап” кеткендей...
11-август, 19:06

Жаңы бийлик келгени көп үлкөндөр камалып чыгышпадыбы. Алардын ичинде экс-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев “Коррупция”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери менен айыпталып, колго түшкөн. Үй-мүлктөрү, жерлери, байлыктары коомчулукка жарыяланган эле. Билинбей жүрүп олиграхка айланганына күбө болгонбуз. Бир топ убакыт түрмөдө отуруп, аягында 50 миллион сом төлөп чыкканы кабарланган. А соту эмне болду? “Кусуп” коюп эле кутулуп кеттиби? Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, өкмөт башчылыкка чейин өсүп жеткен Абылгазиевдин жеңил жаза алганы, учурда бизнес менен алектене баштаганы көп сырды катып жаткансыйт...
"Азия Ньюс" гезити