Кардиохирургдар топтошуп алышып, кыргыз медицинасын кыйратканы калыштыбы?


Алгач Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министри болуп келгенде үмүт жаралган эле. Билимдүү, тажрыйбалуу адис катары сыпатталып. Тилекке каршы, жалпы системага реформа жасоо үчүн менеджер, уюштургуч кадр болушу керек экен. Жакшы врач мыкты жетекчи боло албай калганын кеч түшүнүп, трагедияга баратканыбыз ушулбу? Эми шорубуз кайнаса...
Министр Дамирбек Осмонов жеке менчик клиникадан секирик жасаган кардиохирург, Бакыт Кадыралиев Россиядан качып келген кардиохирург болсо, дарылоо башкармалыгынын жетекчиси Артур Жуманазаров да кардиохирург, ал эми мамлекеттик кардиохирургия институтунун директору ишкер-кардиохирург Жалил Шейшеновду дагы тизмеге тиркей туралы. Булардын баары Фарид Ниязовдун күйөө баласы Талантбек Батыралиевдин кадрлары экени жалганбы?
Азырынча башка тармактарды сөз кылбай коё туралы. Олуттуу жагдайга келсек, мынчалык начар абал болбоптур, балдардын өлүмү жылда 9-10%дан ашпай келсе, акыркы 8 айдын жыйынтыгы боюнча 20%дан жогорулап кетти. Тактап айтканда, былтыр 15 бала кайтыш болсо, 2026-жылы 8 айда эле 32 баладан ажырадык. Кейиштүү көрсөткүч да, туурабы? Тийешелүү органдар баа бериши зарыл.
Кыргыз медицинасынан кадрлар качып атышат, натыйжада, жалпы атмосфера адилетсиздиктин айынан чыңалып, “жарылуу” абалына жетип калдыбы? Негизинен профессионал кардиохирургдар башкарып атып, кризистик жагдайга келгенибизди кандайча чечмелейбиз? Президенттин администрациясында бул жакты түшүнгөн адистер барбы? Талдоого алып, жыйынтык чыгара турган кез келди. Эртең баары кеч болуп, чыканагыбызды тиштеп калбайбызбы? Эрксизден үшкүрөсүң да...











