Акыркы кабарлар
» Коом » Казакстанда вирустан экинчи адам каза тапты, ал жашынып дарыланып жаткан
Казакстанда вирустан экинчи адам каза тапты, ал жашынып дарыланып жаткан
31-март, 17:58

Бүгүн Нур-Султан шаарында коронавирус инфекциясынан каза болгон экинчи учур катталды. Бул тууралуу бүгүн коомдук саламаттыкты сактоо шаардык башкармалыгынын жетекчиси Сауле Кисикова билдирди.
Анын айтымында, маркум менен жалпы 55 адам байланышта болгон. 50 жаштагы киши ооруканага Тез жардам менен 21-мартта түшкөн.
“Бир айдан бери ооруп жаткан, бирок медициналык жардамга кайрылган эмес. Ал командировкага көп чыккан жумушта иштеген. Маркум менен жакын байланышта болгон 31 адам ооруканага жаткырылды. Ал эми 55 жаран үй карантинге алынды. Үй-бүлөсүндөгү эки адамдан коронавирус аныкталды”,- деп маалымдады Кисикова.