Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурчолпону көктөн жанган Гүлсайра

Нурчолпону көктөн жанган Гүлсайра

20-июль, 15:29
1 852 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Бейне)

Өмүргө мээрим төккөн кудуреттүү муза пири даарыган өзгөчө касиетке эгедер таланттуу акын өттү дүйнөдөн. “Жакшы сөз айткым келет” деп элге жакшы сөзүңүздү айтып турчу элеңиз, Гүлсайра эже. Ушул касиетиңиздин өзү генийликтин туу чокусу эле, эже. Көлдөй терең, шыңгыр булактай тунук, чокусу көк мелжиген аска-зоодой бийик турмуштун өзүндөй талант ээси дүйнө тан бергендей акын элеңиз, Гүлсайра эже. Турмуш менен кошо айбарланып ай-ааламга толуп, күргүштөгөн музаңыз элесиңизди жаркытып толкуп-ташып толукшуп, өмүрдү өзү толтуруп турат, Гүлсайра эже. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! Кудай колдоп бейишке чыгарып, Жараткан өзү жаннаттан орун берсин, Гүлсайра эже! 

Айла жоктон ушул сөздү айтып турабыз. Турмуштун өзү ушундай экен. Сиз ар дайым эл-журтуңуз менен, музаны сүйгөн күйөрмандарыңыз менен күндө кайталанган турмуштай күн сайын поэзияңыз менен күн сайын чыккан күнгө окшоп түбөлүк сапарыңызды уланта бересиз, Гүлсайра эже!

Акын деген Кудай өзү мээримин салып өзгөчө жаратып койгон, дүйнө менен дүйнө болуп сиңишип, күү-шаа түшүп күргүштөп айланып турган турмуш гармониясы менен кубулуштарынын, анын ар кандай ысык-сууктарын алда кайдан илгиртпей сезип, турмуш табияты менен кошул-ташыл болуп аралашып, боорлошуп жашап жүргөн, өз учурунун гана эмес, илгерки менен келеркинин дүбүрттөрү менен шоокумдарын олуядай кабылдап, музасы менен тартып, мезгил менен боорлошуп, авторлошуп, өңгө адамга оңойлук менен көрүнө бербеген, аларга кээде сезилбеген таңгаларлык купуя тагдыр күткөн, Жаратканга жакын, анын бешенесинен сылаган мээрими менен адамга жакшылык кылууга жандили менен умтулуп, ошол касиети менен бакыттын даамын сезген күн көзүндөй күлүңдөп турган өзгөчө жан болот. Ысымы кыргыз кыйырынын чегинен ашып, акындык кудурети менен даңазасы алыска угулуп турган акын Гүлсайра Момунова жөнүндө сөз айтайын дегенимде, ушул саптар шуулдаган канаттары көк чийип бийиктен шукшурулуп дембе-дем күүлөнүп, ашыгып түшүп келген кушка окшоп баарынан озуп чыгып, шурудай тизилип келе берди.

Акындын акыны гана убакытты унутуп коюп, мезгил канаты менен кошо кайкып учуп, турмуштан төгүлгөн ырларын жазып, муза ажаатын ачып, поэзия дүйнөсүн ажарланта берет. Ал ошонусу менен түбөлүк жана бийик. Гүлсайра Момунова мына ушундай чаалыкпас, талыкпас касиети менен күндөй таптуу мээримин, куттай жанган сөзүн эл-журтуна ыроолоп, ак жаандай төгүлүп, муза берметтерин мончоктой тизип жарыялап келди.

Юбилейи өткөндөн берки аз эле убакытта удаасы менен үч китебин чыгарып жиберди. “Азаматтык” деп, “толукшуп турган чыгармачыл жигер” деп ушуну айтыңыз. Жараткан жалгап, талант даарыган акын гана ушундай бийиктикке чыгып туруп, өмүрдүн зоболосун көтөрүп, муза байрагын көкөлөтө желбиретип нукура ыр берметтерин жарата алат. “Алар кандай чыгармалар?” деп тургандырсыз, окурман.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Ааламдын атуулу» деген поэма дастаны жана генийге арнаган ырлар топтому. Россиянын президенти Владимир Путинге арнаган «Дүйнөлүк чыныгы лидер», Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевге арнаган «Бийликтин таянычы адилеттик» аттуу поэма-дастандары.

Чыңгыз Айтматовго арнаган китеби жөнүндө учкай сөз кыла кетели. Дастан «Манас» эпосунун ыргагы менен жазылган. Чыгарманын жазылыш тарыхы жөнүндө Гүлсайра эже мына буларды айтып бергени эсимде.

“Бир чоң жыйында Чыңгыз Айтматов, Казакстандын эл акыны Олжас Сулейманов менен чогуу болуп калдык. Сөздөн сөз чыгып отуруп, ыр окуу кезеги мага тийди. Мен Олжас Сулеймановго арнап эпос ыргагы менен жазган ырымды окуп бердим. Ыр Чыкеме да, Олжаска да жакты. Ошондо Чыкем минтип айтты:

-- Гүлсайра, бул эпостой болуп окулган дастанда көңүл кубанткан көп жакшы нерселер бар экен. Ушул өнөрүңдү дагы өркүндөтө бер! - деди.

-- Чыке, бул жазгандарым айрымдарга жакпай калып жатпайбы. “Жамакка окшоп кетет экен деп маани бербей жатышат, - дедим.

-- Айта беришет, - деди Чыңгыз ага. -- Поэзиянын башаты элдик оозеки чыгармачылыктан башталып турганын унутпашыбыз керек. «Манаста» поэзиянын өзгөчө касиеттери уюп турат. Аларды акындык өнөрдө колдонуп, өркүндөткөнгө неге болбосун? - Даанышман жазуучунун ушул айтканы эсимден чыкпай калыптыр.

-- Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнап «Ааламдын атуулу» деген дастан-поэмамды эпостук ыргак, анын керемет касиеттери менен коштоп эргип жазып чыкканымдын себеби ушунда, - деди Гүлсайра эже өмүрдүн өткөн бүктөмдөрүн эсине түшүрүп… 

…Жараткан ар бир пендесинин башынан өткөрөр турмушун, тагдырын бешенесине жазып коёт тура. Кудайым Гүлсайрага мээримин аябай төгүп, ыйманын куюлтуп, табиятынан упа-эндиги жок эле керемет сулуулук, ажайып жүз берип, перидей кубултуп, периштедей кудурет жылоолотуп, өнөр коштотуп, сөз баксын деп жакшылык ширетип жаратып койгон экен. Адамдарга мээрим төгүп, айланып-кагылып, секетим садагасы деп күн нурундай табы менен пенденин жүрөгүн жылытканы, ар дайым жакшы сөз айткысы келип турганы, адам көңүлүн кубантса өзү да сүйүнүп калганы, ошол ырыскысын көккө чыгарып жылдыздардай жымыңдаган ыр түрмөгүнө айлантып жиберген өнөр менен бааланып, гүлгүн кезинен дүйнөсүнө ыр түнөп акын болуп калганы да ошондон. Жараткан музага бүтүндөй дүйнө турмушту сыйгызып, он сегиз миң аалам сырларын терметип, авазы менен махабатын, азабы менен жыргалын, бийиктиги менен пастыгын, тереңдиги менен улуулугун, жаштыгы менен карылыгын, аптабы менен аязын, акниеттүүлүк менен карасанатайлыкты, ичтарлык менен жоомарттыкты, деги эле жан бүткөндүн сезиминен өтүп, көз алдында жайнап турган турмушту шурудай сөз берметтери менен дааналап сүрөттөп, поэзия кудуретине салып берген акындык талантты, даанышмандыкты көрүнгөн эле пендесине ыроолой бербесе керек.

Гүлсайра Момунова көктүн мээрими түшүп, купуя кут даарыган поэзиясынан дүйнө кубулуп көрүнүп турган, бир ырына эле бүтүндөй ааламды сыйдырган ак таңдай төкмө акын (Өтө) Жеңижок абасынын күн десе күн, түн десе түн шатыраган нөшөрдөй тынымсыз көнөктөп куюлуп, күчөп кеткенде айланага алай-дүлөй түшүрүп жер сабаган мөндүрдөй теребелди удургутуп, өткүндөй өтө чыгып турган өзгөчө кайрыктары, турмуштун өзүндөй жарашкан керемет ажайып уйкаштары, өңгөгө оңой менен сезиле бербеген көккө чыгып турган өзгөчө таланты, жаратмандыгы менен чогулган элди аң-таң калтырган, азыр да аалам кезип шаңшып турган ченде жок таңгаларлык өнөрүн улаган ыр саптары жамгырдай төгүлүп турган, окурмандарынын урматына ээ болгон ойчул, көсөм акын. Анткеним, колуна комуз алып төкмө акын болбой, жазма акын болуп калганы. Күндө жөн отура албай, тынымсыз ыр жазып, уйкаштарынын өзүнөн-өзү эле куюлушуп турганы, ыр түрмөктөрүн отурган жеринен бат эле желаргыдай лепилдетип жаза койгону, анан ошол жаратканын тез эле окурманына жеткиргиси келип кайдадыр шашып ашыгып турганы да ушундан. Көпчүлүккө чыгып ыр окуганда бугу чыгып, жарпы жазылып калгандай. Бул чыныгы акындык касиеттин тынчтык бербей удургутуп турганы да. 

Жакында эле жарык көргөн «Бабалардан уңгу башат» аттуу көлөмдүү ыр жыйнагы өзүнүн поэтикалык жаңы табылгалары, өмүр көчүнүн кайталангыстыгын муза кайрыгында өзгөчө чеберчиликте таланттуу чагылдырылгандыгы менен айрымаланат. Өзгөчө «Бабалардан калган сөз» деген аталыштагы поэмасы окурмандын көңүлүн уйгу-туйгу кылып, сыймыгын арттырып, намысын курчуткан залкар ойлордун тоодой толкунун түрмөктөтө сапырылтып турат. Байыркы ата-бабаларыбыздын дүбүртү, алар жашаган замандын оош-кыйыштары, гүлдөп өнүккөн мезгили менен ысык-суугу, кийинчерээк ар кандай себептерден улам кыйрап калганы, азаптуу кезеңи көз алдыбыздан сызылып өтөт. Поэма өз доорунда бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн султаны болгон, жакында 1000 жашка толгон Кара Буура хан менен анын баш вазири Жусуп Баласагын бабаларыбыздын улуу рухуна, жалпысынан эле байыркы даңазалуу тарыхыбызга арналган. Х-ХI кылымда Кара хандар каганаты болгон. Бул эбегейсиз мейкиндикти ээлеген каганатты Таластагы Кара Буура аймагында туулган (ушул даңазалуу инсандын ысымы ыйгарылган) Кара Буура хандын башкарып турганы, анын баш вазири Жусуп Баласагын Кара Бууранын кеңеши жана сунушу менен «Кут алчу билим» аттуу эмгегин жазып жарыялаганын, экөөнүн тең кыргыз болгонун сыймыктуу баяндайт. Өңгөсүн айтпаганда да, акындын ушул эле чыгармасы зор сыйга татыктуу. Анын бир нече шиңгилин окурмандарыбызга сунуштайлы:

Кыргыз каным, кырк тамырым чымырап,

Кылымдарга түшүп кеттим зымырап.

Бабабызды баба дештен тартынып,

Келатканга үн чыгарбай дымырап.


Камаарыбай жүргөнүмө арданып,

Ар-намысым жүрөгүмдө дыбырап, 

Миң жашыңа арнадым деп миң сап ыр, 

Бабаларга таазим эттим шыбырап:..


…Аталар, кечиргиле, айыптуубуз,

Биз колдон көп нерсени алдырыппыз.

Өзгөнүн паашаларын жатка билип,

Өзүңөрдү унутта калтырыппыз.


Калкагар карааныңды көрбөптүрбүз,

Осуят сөзүңөрдү укпаптырбыз.

Капталып кара туман көөдөндөргө,

Көз ачпай, кылымдарга уктаптырбыз.

Өз атасын «ата» деп айта албаган,

Айткылачы, биз деги кандай жанбыз?...


Мына эми өзүңүз акыл калчап, ой чабытын шаңшыта бериңиз. Акындык кудуретке баракелде дейли!

Гүлсайра Момунованын поэтикалык дүйнөсү турмуштун өзүндөй терең да, сырдуу да, ар түркүн күн нурундай төгүлгөн көркөм табылгалары менен өзгөчөлөнүп кулпуруп турат. Сүйүү темасы да акынды дайыма коштоп жүрөт. Акын ошонусу менен элге абдан жакын, турмуштун махабат күүсүн чертип, өмүрдүн бешенесин жаркыта сүйүнтүп турат. Ансыз болмокпу? Айрымдар “жаштыктын кадырын учурунда билген эмес экенбиз, өмүрүбүз өтүп баратат” деп өкүтүн жазса, Гүлсайра эже минтип жазып жатпайбы:

…Сүйөм сенин жүзүңдөгү бырышты,

Бырыш эмес ал күлкүнүн издери.

Чачтын агы сага турат жарашып,

Барган сайын ак нерсени издейби.


Агат күндөр ташкыны күч токтобой,

Аны менен биз да агып барабыз.

Аккан сайын алыстайбыз арылап,

Ал ансайын жарыгыраак жанабыз.

Ага берип түгөнбөчү нерсе жок,

Биздин дагы өмүр агып түгөнөөр…


Гүлсайра Момунова1937-жылы 31-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. Жыйырмадан ашык поэтикалык жыйнактардын автору. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Даңк» медалдары менен сыйланган. «Алыкул Осмонов», «Түгөлбай Ата», «Аалы Токомбаев» атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты. Казакстандын «Жамбыл Жабаев» атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Түркияда өткөрүлгөн «Ата Мекенди даңктоо» ырларынын эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү. «Түгөлбай Ата» эл аралык коомунун «Кыргыз жылдызы» аттуу медалынын ээси. Ал эми айтылбай калган, айтылса да убагында берилбей калган сыйлыктары бир топтур. Гүлсайра Момунованын эң жогорку сыйлыгы – поэзия күйөмандарынын анын талантына тан берип, Жараткан өзү жалгап, ырдын пири даарыган таңкаларлык кудуретине таазим этип турган эбегейсиз кадырлоосу, эл-журтунун акын кызынын кадырын көкөлөтө көтөрүп сыймыктанып турган эң бийик урмат-сыйы болуп эсептелет.

Гүлсайра Момунованын ак жылдызы дүйнө асманында керемет жарыгын чачып балбылдай жанып турат... 


  Меңдибек Асылбеков 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер