Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иличбек протез тиштүү сулууну байкабай ала коюп, сабап, кууп жиберди...

Иличбек протез тиштүү сулууну байкабай ала коюп, сабап, кууп жиберди...

24-февраль, 22:03
854 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Досум Иличбек мурдагы аялы менен ажырашып кеткен, ортолорунда бир кызы бар эле. Бирок, жарым жылга жетпей жаңысын алды. 28 жаштагы Айзада -- суйкайган сулуу, каш кага сүйлөгөн жан экен. Ооз үстүндө кичине тырыгы болбосо, башка жагы куп келишет да. Чиркиндики. Аялын жакшы эле жууп, эки күн тойлодук. 

Бир жумадан кийин кызымтал тарта Иличбек үйгө келип калыптыр. Маанайы жок. Учурашкан соң:

--Катынды сабап, кубалап жибердим...-деди күтүүсүздөн.

--Ой, эмне дейт

--Ит эле болду!

--Айтчы?

--Протез тиш экен аныкыөбүшүп атканда кытырап чыгып кетпедиби... Оозу шалпайып калды. Чаап жибериптирмин...

--Жиндисиң гоЭлдин баары сенин катыныңа суктанып атышса...

--Эми-и, Жылдызбек досум, милицияга арызданса арачыга түшөсүң. Болбосо чоң чатак чыкчудай...

--Катуу урдуңбу?

--Эки-үч ирет чапкылап жибердим. Ал мага кийме тишин айтпай эле алдап тийип алыптыр. Өзүң билесиң, алдамчыларды жинимдей жек көрөм! 

--Эбин табабыз да,-дедим чылым түтөтүп.

Ошентип, бир сааттай сүйлөшүп отуруп, ал кетти. Мен Айзадананын эжеси Гуляга чалдым. (Баягы кууп келгенде жакшы таанышып, телефон алышып калганбыз да.) Гуля дароо беттен алып, досумдун акмакчылыгын буркурап айтып берди. Алдап-соолап жатып, жооткотуп, көндүрдүм. “Иличбек итиң 100 миң сом бербесе, эртең милицияга арыз жазабыз” деди. Эптеп атып 70 миңге түшүрдүм...

Экинчи ирет кайра чалып, сиңдисинин абалын сурап, таржымалын азыноолак билдим. Көрсө, Айзада мурда да бир эрге тийсе, анысы да зөөкүр чыгып, маңдайкы тиштерин талкалап, зорго кутулуптур. (Өзүндө да бир мандем бар го...) Бир жыл бой жүрүп, Иличбекке баш кошо калып, кайра таяк жеп, шору катып аткан кези тура. Бул досум да мурдагы аялын сабап жүрүп, жолго салган. Эми Айзаданын алдына түшүп, доодон кутулуп, башка аял издеш керек окшойт. 40га чыгып, жигиттин гүлдөп турган кези болуп атканда, Иличбек досум эки тизесин кучактап, чалдарга окшоп уктамак беле?..

Жылдызбек

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер