Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөлүк банк Кыргызстан жакырчылыктын чеңгээлинен чыга электигин жарыя кылды

Дүйнөлүк банк Кыргызстан жакырчылыктын чеңгээлинен чыга электигин жарыя кылды

25-октябрь, 15:06
582 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор Азияда жайгашкан өлкөлөр жана анын ичинде Кыргызстандагы   жашоо, жакырчылыктын деңгээли тууралуу Дүйнөлүк банк баяндама  жарыялады.

Баяндамада Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли  акыркы он жылдан бери 20 пайыздан ылдыйга кыскарбаганы жана өлкөнүн алыскы аймактарында анын көрсөткүчү 40 пайыздан төмөн түшпөгөнү жазылган. 

Андан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын алыскы аймактарынын калкынын жашоо деңгээли өтө төмөн экени көрсөтүлгөн.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында Борбор Азия чөлкөмүндө 2000-жылдардан тарта жакырчылыкты кыскартууда бир топ жылыштар байкалганы менен соңку он жылда анын ыргагы абдан эле жай жүрүп жатканы көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда 2002-жылы жакырланган калктын деңгээли 70% түзсө, 2009-жылы бул көрсөткүч 20% чейин кыскарган. Бирок акыркы  он жылдан бери жакырчылыктын деңгээли төмөндөбөй, ошол чекте кала берген. Кыргызстандын тарыхында 2007-жылы бюджет профицит менен кабыл алынып, 2007-2008-жылдары экономикалык өсүш байкалганын мисал келтирген.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында 2009-жылга чейин Кыргызстан менен Тажикстанда жакырчылык жылына жети пайызга төмөндөп, анан жакыр калктын саны жылына бир пайызга кыскарса, кийинки жылдары калктын жашоо деңгээлин көтөрүү бир топ жайлап калганы белгиленген.

Жакырчылыктын абалын изилдеген отчётто, калктын жакыр катмары алыскы жана тоолуу айылдарда экени көрсөтүлгөн.

Шаар калкына салыштырмалуу Кыргызстандагы жакыр калктын деңгээли алыскы аймактарда 40% чейин жеткен. Эл аралык стандарт боюнча, күнүмдүк тапканы бир адамга 1,90 долларга чейин болсо өтө жакыр, күнүмдүк кирешеси жан башына 3,20 долларды түзсө, жакыр жана бир күндүк кирешеси 5,50 доллар болсо ортодон төмөн, күнүнө 10 долларга чейин чыгымдай алган калктын катмары орточо катмар катары каралат.

Бул Дүйнөлүк Банктын калктын кирешеси менен керектөөсүн эсептеген ыкмасы менен иштелип чыккан стандарт.


Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер