Сасык тумоо кайда жоголуп кетти?
Казакстандын оорулардын алдын алуу боюнча медициналык академиясынын президенти, иммунолог Алмаз Шарман коронавирус пандемиясы учурунда эмне себептен грипп дээрлик жок болуп кеткенин түшүндүрдү. Бул тууралуу “Sputnik Казакстан” агенттиги жазды.
«Чындыгында эле грипп дээрлик жок болуп кетти. Анткени көпчүлүк беткап тагынып калды. COVID-19 жок учурда деле эл беткап тагынып, грипптен коргонсо, дал ушундай эле болмок. Вирус адамдын организминде көбөйөт, ага кире албаса, өзүнөн-өзү жок болот. Ошондой эле кишилер колун тез-тез жууп, гигиенаны катуу сактай баштагандыктан, ичеги-карын инфекциялары азайды» деди дарыгер.
Шармандын айтымында, грипп — адамды өлүмгө алып келе турган кооптуу тумоолордун катарында турат. Андан жыл сайын дүйнөдө 200 миңдей киши каза табат.
"Азия Ньюс" гезити