Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иштөөгө мажбур болгон балдардын саны азайбай келет

Иштөөгө мажбур болгон балдардын саны азайбай келет

19-июнь, 21:07
765 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда 5-17 жаштагы балдардын 27%ы ар кандай себептерден улам иштөөгө мажбур болушат. Нарын облусунда иштеген балдардын саны региондогу жалпы балдардын 40%ын түзөт. Мындай маалыматтар улуттук статистикалык комитеттин 2018-жылдагы глобалдык КККИ (көп көрсөткүчтүү кластердик изилдөө) программасынын алкагында жүргүзүлгөн иликтөөсүндө келтирилген.

2021-жыл балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн эл аралык жылы деп жарыяланган. БУУнун башкы ассамблеясы бир добуштан 2021-жылды балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн эл аралык жылы деп жарыялаган резолюцияны кабыл алган жана аны ишке ашырууда эл аралык эмгек уюмун жетекчилик кылууга чакырган. 

«Акыркы жыйырма жыл ичинде балдардын эмгегине каршы күрөш масштабдуу деңгээлде жүрүп жатат. Ошого карабастан, дүйнө жүзү боюнча 152 млн. бала дагы деле иштеп жатышат. Бул багыттагы аракеттерди мындан ары дагы күчөтүшүбүз керек экендиги талашсыз» деди эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) негизги принциптер жана жумуштагы укуктар бөлүмүнүн башчысы Беате Андрес. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер