Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Атамбаев №27 колонияга которулду
Атамбаев №27 колонияга которулду
18-апрель, 13:41

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 18-апрелде Бишкектеги №47 колониядан Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
Өткөн аптада журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Атамбаев өзү Чүйдүн Петровка айылындагы №8 колонияга которууну өтүнгөнүн айткан.
Кармалган күндөн тартып мурдагы президент бир жылдан ашуун убакыт бою Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Абактагыларды дарылоо мекемеси катары белгилүү №47 колонияга 2020-жылдын октябрында которулган.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 11 жылга эркинен ажыратылды.