Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурда кылмыш иштерине кабылган Таалайбек Өмүралиевдин текирең таскагы

Мурда кылмыш иштерине кабылган Таалайбек Өмүралиевдин текирең таскагы

04-февраль, 09:26
1 657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2015-жылы Таалайбек Өмүралиевге “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Ишенип берген мүлктү ыйгарып алуу” жана “Кызматтык жасалмалуулук” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Ал 2011-2014-жылдар аралыгында коргоо министри катары иштеген эле. Ошондо көп былыктарга чалынып, кийин айыбы чыгып отурбайбы. Эми кайрадан коргоо министри катары тандалганы таңгалдырды. Өзү деле ашыкча сөз болорун ойлоп, моралдык жагын эске алуу менен баш тартса болбойт беле? Эгерде бийликти сындаган адам болсо, анда саясый куугунтукка кабылган катары жорусак жарашмак. Таалайбек Өмүралиев андай эмес да, буйрукту “кыңк” дебей аткарган бир пенде. Аттиң, эл бийликтен көп ийгиликтерди күтүп атканда, мындай “иритмелердин” өкмөткө топтоло баштаганы жакшы жышаан эмес. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер