Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи сапка чыкты

Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи сапка чыкты

08-ноябрь, 17:46
587 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө Бишкек абанын булганышы боюнча 7-ноябрда биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 269ду көрсөттү. Кыргызстандын борбору муну менен Индиянын Дели, Пакистандын Карачи, Лахор, Израилдин Тель-Авив шаарларын артта калтырды.

8-ноябрда баш калаабыз аба өтө булганган шаарлардын ичинен үчүнчү орунду ээледи. Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген уюмдун сайты дагы маалыматта Бишкектеги абалга кооптуу деген баа берилген. Индекс (AQI) азыр 261 деп турат. Негизи, көрсөткүч 50дөн ылдый болгондо гана аба таза дегенди түшүндүрөт.

Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын, айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер