Балбан кызыбыз Нурзатка сөз айтууну кыялданам...
(Нурзат Нуртаевга!)
Кыргыздын өсүп келаткан балбан кызы Нурзат Нуртаевага көзүм түштү. Кыйын экен. Олимпиададан коло байге алган Мээрим Жуманазарова экөөнүн күрөшкөнүн көрүп, маашырланып, бүйүрүм кызыды. Аз жерден Мээримди жыгып коё жаздап, бирок упайлардын негизинде гана утулуп калды. Кыйла тирешүү көрсөттү. Тажрыйбалуу машыктыруучу менен Нурзат талыкпай эмгек кылса, келечекте дүйнөнү багындырат. Белдүү, өзөктүү табиятын бааладым... Кызыгы, канча деген кыздарга көзүм түштү. Жашым кыркка жакындап калса да, эмгиче үйлөнбөй, сулууларды тандай берип убактым да өтүп баратат. Байлык колдун кири тура. Көп ийгиликтерге жетип, бирок туруктуу үй-бүлөң болбосо, келечекке карай да кооптонот экенсиң. Акыркы кездери миң толгонуп, балбан кызыбыз Нурзатка сөз айтууну кыялданам. Кабыл алабы, же жер каратабы? Эмнеси болсо да ушул катты жазып, коңгуроо кылып көрөйүн. Калганы Кудайдан... А баса, Сурат аба спортту жазып калчу эле. Мен ашык болгон сулуудан маек алса не?..