Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бул шайлоо жокко чыкса, эмкисине Райым Матраимов командасын алып чыгабы?

Бул шайлоо жокко чыкса, эмкисине Райым Матраимов командасын алып чыгабы?

14-октябрь, 12:48
1 614 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эптеп депутат болуу үчүн соодалашуу, кошомат кылмай, акча чачмай, күнү-түнү санаага батуу сыяктуу аракеттер, айтор, ашыкча баш оорутмайлардын азабы арбыды. Учурда жүздөгөн талапкерлер партиялардан, бир мандаттуу округдардан аламанга аттанышып, эт-бетинен кетип баратышат. Шайтан оюн ушунчалык кумарлуу беле? Иттин уулу Байгара да “депутат болом” деген заманга келиптирбиз. Аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтеринин баркы да кетти. Мындай шартта Райым Матраимов баарынан жогору туруп, саясый булганыч жашоого аралашпай, өлкөдөгү кырдаалдын андан ары өнүгүшүнө саресеп салууда. Кыргызстан күтүүсүз саясый окуяларга бай эмеспи. Кокус 28-ноябрга белгиленген парламенттик күрөштө жапырт мыйзам бузуулар орун алса, президент Садыр Жапаровдун шайлоону жокко чыгарууга эрки жетет. Азырынча демократиялык тандоо иретинде баардык күчтөргө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Эгерде шайлоо чын эле жараксыз катары табылса, анда азыркы чыгып аткандардын көпчүлүгү люстрация катары аңызга ыргытылып, жаңы күчтөр баш көтөрүшү мыйзам ченемдүүлүк. Мына ошолордун катарында, саясый таза жүздөр менен Райым Матраимов командасын алып чыкса, эмнеге болбосун? Кудай маңдайга бийик ашууларды жазып койсо, бул жагы эртеби-кечпи ишке ашат да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер