Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алина Алтымышова: «Кыргызстанда тамеки чеккендерге чектөө киргизилет»

Алина Алтымышова: «Кыргызстанда тамеки чеккендерге чектөө киргизилет»

20-сентябрь, 09:37
2 051 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун улуттук кызматкери менен маек.

Кафе, ресторан жана барларда тамеки чегүү чектелет

-- Жогорку Кеңеш эки жылдан ашуун убакыттан бери талкуу жаратып келген тамекиге каршы мыйзамды үч окууда кабыл алды. Эми жарандардын ден соолугун тамеки, никотин, тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен коргоо боюнча мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаровдун кол коюусу гана калды. Мыйзам долбоорунун негизги концепциясы – тамеки тартууга, кальян жана аралашмаларды коомдук жайларда колдонууга тыюу салуу. Бу саам коомдук жайлардын катарына кафе, ресторан жана барлар кирди. Мыйзамга “ысытылган тамеки”, “курамында никотин бар суюктук”, “электрондук тамеки” жана “аэрозоль” деген түшүнүктөрү да киргизилген. Анткени Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму электрондук тамеки эпидемиясына тынчсыздануусун билдирип, никотинди жеткирүүчү электрондук системалардын аэрозолдорунда ракты пайда кылуучу уулуу химикаттар бар экени далилденгенин маалымдаган. 


Кыргызстан тамеки тарткан өлкөгө кирет

-- Кыргызстан тамеки көп тарткан өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, кыргызстандыктар тамеки чегүүдөн жана тамеки чегүү үчүн колдонулуучу электрондук түзүлүштөрдүн түтүнүнөн улам майып болуп калышууда. Тамеки чегүү 25тен ашык оорунун, анын ичинде рак жана бронхо ооруларынын негизги себепкери экенине карабастан, акыркы бир нече жылда Кыргызстанда тамеки чеккендердин саны, айрыкча жаштар арасында көбөйдү. Жаш балдар алгачкы ирет 7 жашынан тартып чылым чегип көрүшөт. Тамеки боюнча маалыматты алар коомдук жайлардан, жарнамалардан жана үй-бүлөдөн көрүшөт. Биздин башкы милдет – тамекисиз жаштарды өстүрүү. Эки жылдан бери билим берүү министрлиги менен иштешип жатабыз. «Тамекисиз жогорку окуу жай», «тамекисиз мектеп» аттуу демилгелер иштөөдө. Мектептер арасында пилоттук долбоор ишке кирген. Мурда бул көйгөй менен саламаттык сактоо министрлиги эле күрөшүп келсе, азыр билим берүү министрлиги менен жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик да иш алып барууда. Агенттик массалык спортту өнүктүрүү аркылуу салым кошуп жатат десем болот. 


Чылым чегүү зыяндуу гана эмес, чыгашага дагы алып келет

-- Чылым чегүүдөн пайда болгон ооруларды дарылоо кымбатка турат. Муну өнүккөн мамлекеттер эсептеп чыккан. Мисалы, саламаттык сактоо системасынын баардык чыгымдарынын 2-7%ы жана ИДПнын 0,2-0,9%ы тамекинин кесепеттерине жумшалат. Тамеки тарткандар орточо эсеп менен 20 жылдык үзүрлүү өмүрүн жоготушат. Ал эми жакыр үй-бүлөлөрдө үй-бүлөлүк бюджеттин же кирешесинин 10-15%ы тамекиге сарпталат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер