Улан Султанов синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшө албай калдыбы?


Синтетикалык баңгизаттарды колдонгон өспүрүмдөр, жаштар көбөйө баштаганы өкүнүчтүү. Бул багытта комплекстүү ыкчам чаралар көрүлбөсө, түшүндүрүү иштери дыкат жүрбөсө, бир муунду талкалап албайбызбы? Синтетика менен уулануу коркунучтуу, тикелей химиялык зат тура, ага жаштардын дароо берилүүсү, андан кайра чыга албай калышы, тез арада ички органдары жабыркап, кайгы басары айныксыз чындык.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги Улан Султанов коомчулукка чыгып, профилактикалык иштерди жүргүзүп, жаштарга насаат айта турган аракеттерди көрбөйбү? Качанкыга чейин жанын багып, жылуу кабинетинде отура берет? Иштебесе пенсияга кете берсин да, ансыз деле байып алды, өмүрү өткүчө оокаты деле жетет го? Кичине күйүп койсо...
Өспүрүмдөр, жаштар ар кандай азгырыктарга малынышып, баңгиликтин химиялашкан оор түрүнө сүңгүп кетишкени трагедия эмеспи! Мындай апаатка каршы күрөшүү үчүн мыкты, профессионал кадр келсе, жаштардын терс жолго басышына бөгөт коймок да. Улан Султанов чарчап калдыбы же кайдыгерби?











