Абзел Болотбеков: “Пенсия курагындагы адамдарга сыйыбыз жогору”
Президенттин иш башкармасынын алдындагы автотранспорттук ишканасынын директорунун орун басары менен маек.
Гезитибиздин өткөн санында “Президенттин гаражындагы өлүмдүн арты чатакка айланды, ким жооп берет?” деген макалабыз жарыкка чыккан. Макалада жүрөк оорусунан каза тапкан мекеменин айдоочусу тууралуу кеп козголгон. Бул маалымат боюнча экинчи жак катары өз пикирин билдирип, аталган мекеменин директорунун орун басары Абзел Болотбеков бизге кайрылды.
-- Абзел мырза, мекемедеги окуя тууралуу пикириңизди уксак?
-- Сиздердин гезиттин өткөн санында чыккан маалыматыңыздар чындыгында жүрөгүбүздү оорутту. Пенсия курагындагы адамдарга сыйыбыз жогору. Мисалы, мекемебиздин 65 жылдык мааракесине карата Сопубеков Алмаз агабыз баштаган пенсия курагындагы адамдарга белекке саат тартуулаганбыз. Ал киши мекеменин Ардак грамотасын алган. Жакында эле эмгек өргүүсүнө чыгып, жолдомо аркылуу үй-бүлөсү менен көлгө эс алып келген. Бизде негизи жаш курактары жакындаганда өздөрү эле кетип калышчу экен. Быйыл айлык акы жогорулайт дегенге пенсионерлер “кичине кармалып туралы” деп суранышкан. Ошол боюнча эле иштеп жүрүшкөн. Сопубеков Алмаз ага экөөбүз бир жерден болгондуктан, ага-инидей жакшы сүйлөшчүбүз. Бул айдоочубуздун жумушу башкаларга караганда жеңилирээк. Бир күн иштеп, эки күн бош болчу. Логикалык ой жүгүртсөк деле, кыйнаган, жектеген адамга ушундай шарт түзүлөбү?
Биздин жамаат чоң, ким кандай маалымат жөнөткөнү белгисиз. Мени күнөөлөгөн адамдар менен жүзмө-жүз сүйлөшкөнгө деле даярмын. Балким, бирөөгө жаксам, бирөөгө жакпайттырмын. Көпчүлүктүн пикирин угуп көрүңүздөр.
-- Пенсия курагына жеткен башка айдоочулар да барбы? Азыр аларга кандай ойдосуз?
-- Учурда деле пенсия курагындагы айдоочуларыбыз иштеп жатышат. Алар дагы суранышкан. Бул маселе боюнча сөз да козголо элек. Жамаат ичинде өздөрү дагы сүйлөшүшөт. Жаңы кадрлар келип, “жаштарга орун бербейсиңерби, эмнеге жүрөсүңөр?” деген сөздөрдү айтып калышат экен. “Жаштар жумушу жок жүрөт, силер пенсия да алып, эмгек акы да алып жүрөсүңөр” деген атаандашуулар бар. Бул майда-чүйдө иш эмес. Өлүмгө барып такалып жатат. Мен иштегениме 1,5 жыл болгон жаш кадрмын. Эч ким менен деле конфликт, пикир келишпестиктер орун алган эмес. Жалгыз бул адамды кодулагандай, мен чечүүчү адам эмесмин. Жетекчилик, профсоюз, кадрлар бөлүмү деген бар. Кабинетке чакырып алып, “кетиңиз” дегенге акым да жок. Бул жамаат ичиндеги интрига болуп кеткен.
"Азия Ньюс" гезити