Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков: “Эмне үчүн Атамбаев, Жээнбеков Дача-СУдагы окуяны жашырып келишкенин аныктайбыз”

Мавлян Аскарбеков: “Эмне үчүн Атамбаев, Жээнбеков Дача-СУдагы окуяны жашырып келишкенин аныктайбыз”

13-май, 21:22
2 438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров беш жыл мурунку Дача-СУдагы учак кырсыгына байланыштуу коомдук комиссия түзүлгөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Комиссиянын төрагасы болуп Алмамбет Шыкмаматов шайланып, курамына бир топ укук коргоочу, жарандык активист, журналисттер кирген. 

-- Мавлян мырза, Дача-СУдагы кандуу жүктү аныктоого комиссия курамы түзүлүп, иш башталган экен. Жыйынтыгы кандай болчудай?

-- Негизи Дача-СУ боюнча маселелер президент тарабынан демилгеленип түзүлүп, коомчулуктун өкүлдөрү комиссиянын курамына киргени, “ишти аягына чыгарабыз” деген аракети жакшы. Биз колдойбуз. Мен да комиссиянын мүчөсү болуп кирип, иштегенге камданып турабыз. Кечээ Дача-СУнун тургундары менен да сүйлөштүм. Жакын арада алар менен жолугушуу болот. Жакынкы күндөрү комиссиянын иши башталса, биз болгон аракетибизди жумшап, элге маалыматты ачыктап, ушул иштин аягына чыгаруу аракетин көрмөкчүбүз. Бул жерде көп маселе бар: биринчиден, жүк кимдики? Эмне үчүн Атамбаев менен Жээнбеков жүктү жашырып келишкен? Эмне үчүн түрк тараптан компенсация төлөнгөн эмес? Андан тышкары, Кыргыз мамлекети тарабынан да маселе каралган эмес? Эң башкысы, элдин демилгеси менен 102 млн. сомдон ашык акча чогулган. Жада калса ал каражатты дагы өкмөт, жергиликтүү бийлик жабыр тарткандарга жеткизбей, бөлүп кетишкен. Ошолордун баарынын аты-жөндөрүн, канча акча алганын тактап, элге жарыялайбыз. Күнөөлүү адамдарды аныктап, жоопкерчилигин кароо максатын көрөбүз. Комиссиянын бирден-бир милдети – иш ачык жана айкын болуп, кыргыз элине баардык маалыматты аныктап берүү.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер