Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бозулан Мамазаировдон башкасынын баары “кусуп” бүтүштү окшойт

Бозулан Мамазаировдон башкасынын баары “кусуп” бүтүштү окшойт

02-январь, 19:30
1 251 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дээрлик ири бизнесмендердин, олигархтардын баарысын УКМК чекесинен камап, “кустуруп” келатканы жашыруун эмес. Айрымдары эки-үч ирет жарга такалса керек. Өзгөчө Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин бул процесс жанданды. Дагы да илинчектер чыга бериши мүмкүн. 

Биздин баамыбыздан алганда, калың капчыктуу ишкерлердин ичинен деле реалдуусу бар тура. Мисалы, Бозулан Мамазаиров мамлекетке мыйзам алкагында гана тийешелүү салык, төлөмдөрүн төгүп, андан сырткары, эч кимге күнкор эмес экен, “кызылдарга”, “караларына” да бүжүрөбөй, аларга көмүскөдөн “отметка” кылуу (!) деген түшүнүктөн жогору турарын айтышты. Убагында Рысбек Акматбаев менен келишпестиктер жаралганда, Бозулан ага жолугуп, таман акы, маңдай тери аркылуу тапканын бөлүшпөй турганын ачык айтып, сөз табышканын укканбыз. Негизи Рысбек Акматбаев кыргыздын тыңчыкма жигиттерин колдоп, тили бурууларга кастарын тикчү беле? 

Ар бир бийлик келген сайын Бозулан Мамазаировду “сындыруу”, акчасын алууга аракет жасашып, бирок максаттарына жете беришпейт, мунун кандай сыр бар? Өзүнө жооп бере алуу менен таза иштөөнүн үлгүсүбү? Айтор, алдууга мүңкүрөбөгөн дымагына баракелде! 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер