Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан КАДЫРОВ, айыл чарба боюнча эксперт: «Жакшы лабораториялардын жоктугунан экспортко чыгалбай аксап жатабыз»

Арстан КАДЫРОВ, айыл чарба боюнча эксперт: «Жакшы лабораториялардын жоктугунан экспортко чыгалбай аксап жатабыз»

01-октябрь, 14:57
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
– Өндүрүлө турган жаңы азык катары гречка өстүрүп, айыл чарбабызга жаңылык киргендей болду эле...
– Гречка боюнча айтсак, эки жылдай убакыттан бери баасы өтө төмөндөп кетти. Мисалы, аны өндүрүүдөгү баасы 35 сом турса, азыр гречканы дүңүнөн алсак 20 сом болуп турат. Кайра банкротко алып келет. Себеби, биздин рынок кичинекей, башка бааны коё албайбыз. Орусия болсо андай чыгымдар үчүн компенсация төлөп берип жатат. Андыктан гречка өстүрүү учурда пайдасыз болуп турат.
– Бүгүнкү күндө жашылча-жемиштерди экспортко алып чыгуу кандай жүрүп жатат?
– Жашылча-жемиштер акырындан кетип жатат. Бирок жакшы лабораториялардын жоктугунан дале аксоодобуз. Экспорт өтө эле аз. Мисалы, кошуна Кытай өлкөсү биздин көп азыктарыбызга кызыкдар, бирок алардын талабына, стандартына жооп берген сертификациялоо бизде жок. 
– Күз мезгили келгенде эле лабораториялардын жоктугу тууралуу маселе жаралып, тонналаган жашылча-жемиштердин чек арадан кайра кайтарылганы кейиштүү...
– Бул маселени өкмөт гана жакшылап колго алып, чечиши керек. Кичине жылыштар болгонсуйт, бирок өтө жай жылыш. Мындай жүрүш менен жакынкы жылдары дыйкандардын маңдай тери акталбайт го деп кейийсиң. 
– Ал эми картошкабызга кызыкдар болгон өлкөлөр барбы?
– Сортуна карабай айдаган дыйкандар көп. Мындай учур көп пайда алып келе бербейт. Чипсы, картошка фри жасоо үчүн атайын сорттор бар. Мындай сортторду жайылтып, дыйкандарга туура багыт берилип өстүрүлсө, андай азыктарды даярдоочу заводдор болсо, кошумча жумуш орундары түзүлүп, экономикабызга да салым кошулуп, дыйкандар дагы азыгын жакшы баага өткөрүп, айтор, баардык тараптан жеңиш болмок. Сактоо мөөнөтү да узагыраак болуп, жайбаракат экспортко кете бермек. 
Керим МУРАС, «Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер