Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте 10 адам вирус жуктурган, комендант Орозалиев үйдө болууну суранууда

Бишкекте 10 адам вирус жуктурган, комендант Орозалиев үйдө болууну суранууда

08-апрель, 13:36
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор калаадагы өзгөчө абал режиминин убактысы 15-апрелде аяктайт. Учурда анын мөөнөтүнүн узартылышы боюнча маселе ачык бойдон калууда.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу калаа тургундарынан жакынкы эки жумада үйдө болуп турууну өтүндү. Бул туурасында ал брифинг учурунда билдирди.

Орозалиевдин айтымында, сутка ичинде борбор калаада 10 киши коронавирус жуктурганы аныкталды. Ал алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордун инкубациялык убактысы бүткөнүн эске салды.

"Ошондуктан жакынкы эки жумада жана андан кийинки убакыттарда адамдар менен мүмкүн болушунча байланышты азайтып, үйдө болушуңуздарды суранам. Комендатура биринчи кезекте тургундар менен унаа кыймылын азайтуу үчүн иш алып барып жатат", - деди Орозалиев.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер