Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргызстан ЕАЭБден баш тартсын, пайдасы жок биримдиктин эмне кереги бар?”

“Кыргызстан ЕАЭБден баш тартсын, пайдасы жок биримдиктин эмне кереги бар?”

04-октябрь, 16:13
603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Казак чек арасынан өтүү ар дайым эле кыйынчылык жаратып, жарандарыбыздын, жүк ташуучу унаалардын ашкере текшерилгени, тоскоолдуктарга кабылганы кандай? Коңшу мамлекеттин үстөмдүк жаратуусун дипломатиялык алакада чечсе болбойбу? 

Кеңешбек Айтикеев, серепчи:

-- Ооба, ар дайым жүк ташуучу унаалардын казак чек арасынан өтүүдө ашкере текшерилгени, тоскоолдуктарга кабылганы көнүмүш адатка айланып калды. Муну Нурсултан Назарбаевдин бийлигинен бери байкап, көрүп келе жатабыз. ЕАЭБдин талабына ылайык чек арадан эч кандай тоскоолдуксуз жүк ташуучу унаалар өтүүгө тийиш эле, бирок эреже сакталбай келет.

Тилекке каршы, бул маселени ЕАЭБ министрлери чечүүгө тийиш эле, алардан эч кандай кабар жок. Ортодо жөнөкөй жүк ташуучу жарандар, ишкерлер кыйналууда. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде эки өлкөнүн президенттери сүйлөшүүлөрдү ачык жүргүзүп, маселени оңунан чечсе болор эле, бул жагынан дипломатиялык сүйлөшүүлөр керектүү деңгээлде жүрбөй жатат. “Биз бир тууган элбиз дешет, аныгында боордош элдер мындай терс мамилелерди жасабайт да. Эгерде дипломатиялык келишимдер аткарылбаса, Кыргызстан ЕАЭБден баш тартуусу керек, бизге пайдасы жок биримдиктин эмне кереги бар?

Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу өтүүчү жолго көңүл бөлүп, тезирээк Россия, Европа аймагына чыгууга аракет жасоо керек го. Балким, ошондо казак туугандар ойлонушар.

Чолпон Осмонова, ишкер:

-- Ырас, ошол жүк ташуучу унаалар өтө алышпай, 2-3 күн кезекте турганын көп байкайм. Чынын айтсам, боорум ооруп кетет. Бул маселени биз тарап ар дайым дипломатиялык жол менен чечип жүрөт, бирок эмнегедир казак туугандарыбыз келишимдерге кол коюлуп, сүйлөшүлсө деле өз билгендей кайдыгер мамиле кылып келишет. “Ушул маселени аларга жалдырабай эле чечүүнүн жолу жокпу?” деп ойлонуп кетем кээде. Президентибиз Садыр Жапаров менен генералыбыз Камчыбек Ташиев эле чечүүнүн жолун таап, көз карандылыктан кутултпаса, башкаларга чоң маселе жаратып жаткандай... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер