Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мен үлпөт көйнөгүн алган күнү сүйгөнүм каза болуп калыптыр

Мен үлпөт көйнөгүн алган күнү сүйгөнүм каза болуп калыптыр

23-сентябрь, 20:40
1 602 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандык 23 жаштагы Алма үйлөнүү тоюна бир жума калганда жигитинен ажырап калганын жергиликтүү булактардын бирине айтып берген.

«Болот 27 жашта болчу. Анын эч качан арак ичип, тамеки чеккенин көргөн эмесмин. Биз интернеттен таанышкан элек, күнүгө жазып, жолугушууга чакыра берчү. Ошол кезде ал мага чоң кишидей сезилгендиктен, мен жолугушууга барган эмесмин. Биз эки айдан кийин, капыстан кафеден жолугуп калдык…

Ошентип эки жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Чогуу тамактануу биздин хобби болуп калган эле. 9-сентябрда үйлөнүү тоюбуз болмок. Ресторанды сүйлөшүп, чакыруулардын баарын таратып койгонбуз. Экөөбүздүн тең ата-энелерибиз каршы болушкан эмес. Биз абдан бактылуу элек. Ошентип, үйлөнгөнгө чейин кош бойлуу болуп калдым... 

Август айынын аягында үлпөт көйнөгүн алыш үчүн эжем менен Алматыга  барып, өзүм каалаган көйнөктү алып, кубанычым койнума батпай чыкканбыз. Ошол күнү Болот каза болуптур... Эртеси эжем экөөбүз поезд менен жолго чыктык. Эжем менден жашырып, эч нерсени айтпай келиптир. Мен поездден түшкөндө эле досторубуз тосуп алышты, таңгалып, эч нерсеге түшүнгөн жокмун. Үйгө келсем чоочун адамдар келип калыптыр, Болоттун атасы өлгөнбү деп ойлодум. Ал ооруп жүрчү. Бир кезде апам келип: «Кызым, Болтик каза болуптур» деди ыйлап. Алгач ишенген жокмун. Апа, калп айтпаңыз!” деп кыйкырып, аны издеп баштадым, бирок тапкан жокмун. Бары ыйлап, мени кучактап өөп, кайрат айтып жатышты. Мен баарын түртүп, Болотту издеп жаттым, ал моргдо экен. Көрсө, ал ашказанынан операция болуп, ошол бойдон кете бергенин уктум. Кийин эсиме келип, ичимде биздин сүйүүбүздүн бир бөлүгү калганын эстедим. Бирок, стресстен улам, ичим катуу ооруп, ооруканага барганда, 8 жумалык бала боюман түшүп калды. 

Кыздар, жакындарыңар менен болгон ар бир мүнөтүңөрдү баалагыла! Мен Болот менен аз убакыт болсо дагы бактылуу болдум!».


Алма

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер