Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калия Молдогазиева: “Табигый кырсыктар азайбайт, кайрадан көбөйөт”

Калия Молдогазиева: “Табигый кырсыктар азайбайт, кайрадан көбөйөт”

23-июль, 21:43
1 778 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жакынкы убакта суу ташкыны көбөйүп кетти. Биздин өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзүндө мындай абалдар көбөйдү. Мисал катары, адам өмүрүн алган Германиядагы, Кытайдагы суу ташкындарын айтсак болот. Мунун себептери тууралуу кандай ойлоруңуз бар? Буга климаттынбы же адамдардын өзгөрүүсү себепкерби?

-- Буга глобалдык климаттын өзгөрүшү себеп. Учурда климаттык өзгөрүү жүрүп жатат. Абанын температурасы көтөрүлүп, дүйнөнүн баардык жагында климаттык өзгөрүүлөр байкалууда. Ошого байланыштуу табигый кырсыктар орун алууда. Бизде дагы суу ташкындары түштүк жакта көп кайталанууда. 

Табигый кырсыктын күч алышына адамдардын да залакасы бар. Жаратылышты бузуп, бак-дарактарды кыйып, болушунча булгап, аёосуз мамиле жасап келишет. Тоо-кен компаниялары жардырууларды жасайт, мөңгүлөрдү бузат. Кумтөрдү иштеткенде эле кандай экологиялык зыян алып келгени мисал болуп турат. Бир жагынан табигый себептери да бар. Экинчиден, адамдардын табигатка болгон терс таасиринин да залакасы күч алды. Мындай табигый кырсыктар азаят деп айта албайм, тескерисинче көбөйөт. Ошого жараша кандай чараларды көрүш керек экенин ӨКМ, өкмөт ойлонуп иш алып барышы зарыл.

Ар бир жаран жаратылышка аярлуу мамиле жасай турган учурдабыз. Бак-дарактарды кыйбай, айлананы таштандыга толтурбай, көздүн карегиндей сактообуз абзел. Эч кимден уруксатсыз эле “жолду кеңейтебиз” деп бак-дарактарды кыйып жатышат. Бак-дарактардын тамыры тереңге чейин барып, жер катмарды бузбай кармайт. Алар көп кырсыктан сактайт. Кооптуу жерлерге бак-дарак тигип, жердин жылышын, жердеги өзгөрүүлөрдү алдын алган оң. Мөңгүлөрдүн сакталышы, табигый кырсыктардын алдын алуу адамдардан көз каранды. Өкмөт, жөнөкөй жарандар муну эске алып, жаратылышыбызга аяр мамиле кылуусу зарыл.

Кыргызстанда суу көп деп жатабыз. Азыркы глобалдык көрүнүштөргө байланыштуу 50 жыл аралыгында 70% мөңгүлөр жок болуп кетиши ыктымал. Буга карап өкмөт чукул чараларды көрүп, суу сактагычтарды курушу шарт. Эми жылдан-жылга суу маселесинин курчушу байкала берет. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер