Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Исхак Масалиев атасынын аброю менен камалбай калышы мүмкүн

Депутат Исхак Масалиев атасынын аброю менен камалбай калышы мүмкүн

20-июнь, 19:30
578 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Парламенттин жайкы каникулуна чейин Адахан Мадумаровдун камалары күтүлүүдө. Башкы прокуратура эки кылмыш ишинин алкагында кол тийбестигинен ажыратууну көздөп, коллегаларынын уруксатын күтүп атат. Жай чилдеге жакын, саясый сезондун солгундаган маалына болжонгонун карагылачы? Ошентип, депутаттык комиссия Адахан Мадумаровдун тагдырын чечип берсе, башкы прокурор Курманкул Зулушев “кууратса” керек. Түрмөгө тыгып. Мындай жагдайда экинчи “чаар баш” Исхак Масалиев эркиндикте калып, күбө катары өтөрү болжонууда. Оппозициялык маанайдагы саясатчы, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын белдүү эл өкүлү эмеспи. Исхак мырзаны камоого бийликтегилер даашпай, бир чети атасы Абсамат Масалиевдин түштүктөгү аброюн ойлошуп, кол шилтеп коюшкандай. Кыскасы, Жогорку Кеңештеги бийликке акаарат келтиришкен депутаттардын тагдырларынан азыноолак ой калчадык. Логикалуу бекен? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер