Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан БЕКЕШОВ, ЖК депутаты: “Ташиевге окшогон саясатчылар “9 пайыз эле туура” деп айтышууда...”

Дастан БЕКЕШОВ, ЖК депутаты: “Ташиевге окшогон саясатчылар “9 пайыз эле туура” деп айтышууда...”

04-ноябрь, 22:07
603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан байке, 9 пайыздык шайлоо босогосун 5 пайыздык чекке түшүрүү керектиги боюнча сунуштун демилгечилеринин бирисиз. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Сунуш колдоо табарына ишенесизби? 

-- Колдоо табабы-жокпу – бул коомдук талкуунун канчалык кызуу өтүшүнөн көз каранды. “9 пайыздык босого менен эле шайлоого бара берели” дегендер да көп болууда. Жарандык коом, айрым саясатчылар, депутаттардан деле “9 пайыз абдан эле көп, 3 же 5, айрымдар 7 пайызга түшүрүү керек” дешкендер да арбын. Бул маселе саясатташпоо керек. Парламентте болбогон Камчыбек Ташиевге окшогон айрым саясатчылар “9 пайыз эле туура” деп айтып атышат. Чынында мындай добушту көпчүлүк партиялар ала албашы айдан ачык. 

-- Добуш алалбай калуудан кооптонгондор кимдер? 

-- Кыргызстанда 200дөн ашык партия бар. Майда партиялар, кечээ түзүлө калган кыймылдар көп. Шайлоого аттанууга бел байлап, бирок, 9 пайыздык босогодон өтпөй калуудан кооптонуп жаткандар мындан көп. Анткени, мисалы, 1 млн. 800 миң шайлоочу добуш берүүгө катышса, 9 пайыздык босогодон өтүп келүү үчүн ошонун 162 миңинин добушун алууга туура келет. Эгер 150 миң добуш алса да, ал парламентке өтпөй калган болот. Бул туура эмес да. Канчалаган шайлоочунун укугун тебелеп жатабыз.

-- Эл аралык практикада кандай?

-- КМШ мамлекеттеринде 9 пайыздык шайлоо босогосу деген нерсе жок. Казакстанда, Россияда, Украинада 5 пайыз, Тажикстанда 7 пайыз. Ал эми Түркияда гана 10 пайыздык чек каралган. Аларда кырдаал башкача болгон. “Күрддөр параментке өтпөсүн” сыяктуу Эрдогандын саясаты менен атайын киргизилген. 

-- Молдомуса Конгантиевдин ысымы көчөгө берилишине жарандык коомдун өкүлдөрү нааразы болуп, алды митингге чыгышты. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

-- Менимче, абдан туура эмес иш болду. Жергиликтүү органдар так караш керек болчу. Чынында Конгантиевдин ысымы көчөгө берилгенине каршы болгондор өздөрү ыңгайсыз болуп жатышса керек. Тескерисинче болуш керек эле. Ал киши өзү уялып, “жөн эле койгула, кереги жок. Мен тирүүмүн. Ысымым берилгидей эч иш деле кылган жокмун” десе туура болмок го? Анын ордуна азыр эми “мен суранган жокмун, бирок мага приятно болду” деп атат. Ал кишинин ысымы 7-апрелдеги кандуу окуялар менен байланышып, иши тергөөдө канча жыл жатты?.. 


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер