Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Мамлекетибизде туруктуулук болуп, өнүгүп-өсүшү керек”


-- Акылбек Тогузбаевич, сиз да парламенттин тарашын колдоп жатасызбы?
-- Билесиздер да, Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган. Эгер депутаттар саясый туруктуулукту каалашып, ошондой чечим кабыл алып жатышса, мен эч качан каршы эмесмин. “Эки шайлоо бир келсе, туруктуулукка кооптуулук туулушу мүмкүн” деген жүйөлөрдү келтирип жатышат. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде туруктуулук болуп, өнүгүп-өсүшү керек. Мен ага салымымды кошконго ар дайым даярмын.
-- Кандай дейсиз, колдогондордун саны алтымыш болобу?
-- Буга чейин деле “демилгечилер кимдер болот, аны башкалар колдойбу-колдобойбу?” деген сөздөр жаралып келген да. Бүгүнкү күнү отуздан ашуун депутатыбыз демилгечи болуп, колдоого алышты. Эртеңки күнү алтымыш эмес, жетимиши деле колдошу мүмкүн.
-- Келерки шайлоого да катышасызбы?
-- Кудай буюрса. Эртең сессиядан кийин көлгө барам, эл менен жолугушам. Төрт жылга жакын депутат болдум, мага ишенип, “айылда болуп жаткан көйгөйлөрдү чечсин, бизге ылайыктуу мыйзамдарды жазсын” деп жиберген эл менен сүйлөшүп, эгер кайра “кой, биз үчүн иштеп бер” дешсе, кайра коюп, иштеп берем.
"Азия Ньюс" гезити











