Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдулазиз Закиров менен Тойгонбай Абдыкаровдун айынан мамлекеттүүлүккө шек кетүүдө

Абдулазиз Закиров менен Тойгонбай Абдыкаровдун айынан мамлекеттүүлүккө шек кетүүдө

10-июнь, 23:12
512 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бизде муфтият барбы? Ал жерде ким жетекчилик кылып отурат? Бул жагын элибиз деле кеңири билбесе керек. Интернеттен издесек, Абдулазиз Закиров аттуу молдо муфтиятты башкарат экен. Кызык. Улам бири келет, кетет. Чубак ажыдан кийин “жарк” эткен деле аалым чыкпай, жайрап баратабызбы? 

Ал эми дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Тойгонбай Абдыкаровдун да реалдуу аракеттери, алгылыктуу эмгеги байкалбайт. Соңку жылдары “сакалчандар” ар кандай оор кылмыштарга кириптер болушуп, байма-бай укук коргоо органдары тарабынан кармалып келатышат. Уурулуктан баштап, киши өлтүрүшөт, талап-тоношот, жашы жете элек кыздарды зордукташат, айтор, үрөй учурган кылмыштарды жасашууда. Дал ушундайлар динди жамынып алышкан эки буттуу айбан самалдар. Ислам дини табиятынан таза, ыйманга чакырат, а “радикалдар” бурмалашып, ар дайым ыплас жоруктары менен булгап келишет. 

Ириде муфтий Абдулазиз Закиров менен Тойгонбай Абдыкаровдун алгылыктуу кебин уга албай келебиз. Коомчулукка жакшы жагынан таасир бере турган акыл-насааты, кеңештери болбосо, кетип эле калышпайбы? Мына, көрдүңөр го, аз күн мурда Сузакта “хизбутчиктер” мамлекеттик желекти өрттөп жатышса, кулактарын жапырышкан боюнча үн чыгара алышпады. Төө куштардай баштарын жерге тыгыштыбы? Кызык, коомчулукка диний агартууну көрсөтүшпөсө, мурдунан сүйрөтмө мындай кадрлардын эмне кереги бар? Билимдүүлөрдү жерибей эле чакырбайлыбы? Убакыт келди да...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер