Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Исатбек кызы: “Сабактар 1-сентябрда эле башталганы туура болот”

Аида Исатбек кызы: “Сабактар 1-сентябрда эле башталганы туура болот”

11-июнь, 12:00
506 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аида айым, азыр мектептерде окуу жылын мурдагыдай эле 1-сентябрда баштап, 25-майда бүтүрүү боюнча маселе кызуу талкууланып жатат. Бул боюнча сиз кандай пикирдесиз?

-- Социалдык саясат комитетинде бул маселени мен көтөргөм. Анткени, менин дарегиме ата энелерден, мугалимдерден көп кайрылуулар  келди. Себеби, азыр күн ысык. Бир класста 40-50дөн бала окуган мектептер бар экен. “Терезени ачсак деле таза аба жетишпейт, балдар  кыйналып калып жатышат. Өзгөчө түштөн кийин,  экинчи смендегилер” деп айтышты. 

-- Окуу жылы 1-сентябрда башталып, 25-майда бүткөнү көп жылдык практика болчу. Жаңылбасам, ал өткөн чакырылыштагы бир-эки депутаттын эле демилгеси менен өзгөрүп кетти окшойт...

-- Окуу жылы 15-сентябрда башталсын дегенде алар эки жүйөөнү келтиришкен. Биринчиси, көлдөгү туристтик сезонду узартуу болсо, экинчиси, 1-сентябрь түшүм жыйноо кызуу жүрүп жаткан учурга туш келгендигине байланыштуу. Бирок, сиз айткандай, бул канча жылдардан бери келаткан практика. Биздин чоң ата, чоң энелерибиз, ата-апаларыбыз, биз өзүбүз да сабакка 1-сентябрда барып, 25-майда бүткөнбүз. Менимче, ошондой эле калганы туура болот го. Мен ошон үчүн маселе көтөрдүм. Эми министрлер кабинети да колдоп берсе, жаңы окуу жылын  биздин окуучуларыбыз, студенттерибиз 1-сентябрдан башташат деген үмүтүм бар.

-- “Ала-Тоо” аквапаркында чөгүп кеткен 10 жаштагы бала тууралуу эмне айта аласыз?

-- Өзүм да эки баланын энеси болгондуктан, мындай нерсени өз жүрөгүңөн өткөрүү  аябай эле оор. Мен бирөөнү күнөөлөгөндөн да алысмын. Себеби, бул кырсык. Апасы байкуш ишенип жиберип атат, мугалимдер да балдардын эсинде калсын деген жакшы ой менен алып барышкан. Аквапарктарда сөзсүз куткаруучулар болушу керек. Алар “сууга түшкөн бала эмне болуп атат, кайра чыктыбы?” деп көзөмөлдөп турганда, балким, мындай кырсык болбойт беле... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер