Ленара Ниязбекова, коомдук ишмер: “Мамлекеттик кызматтарда “эрке балдарды” көкөлөтүп жатабыз”

-- Ленара эже, мамлекет тарабынан дээрлик чиновниктерге, депутаттарга баардык шарттар түзүлүп, бирок алардын иштөө аракеттерине жетиштүү көзөмөл жасалбай жатабы?
-- Биз баардыгын бир казанга салып кайнатып, депутаттар менен чиновниктерди бир середен, бирдей таризде карабашыбыз керек. Анткени, чиновниктер менен депутаттардын функциясы, милдеттери башка. Болгону, булардын ортосундагы сооданы токтотуш керек.
Депутаттар “жол, мектеп, бала бакча салам, шайлоочуларыма акча берем” дебей, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон, жарандарыбыздын социалдык экономикалык саясый абалын так чагылдырган, кыргыз жыттанган мыйзамдарды жазып, ушул өңүттөн камсыз кылышы керек. Тилекке каршы, биздин депутаттар да жеңил пиар, куру сунуштар, бизнестерин коргоо жагында бара жатышат. Ошон үчүн мыйзам жазуу, мамлекеттик деңгээлдеги иш аракеттер экинчи-үчүнчү планда калып калууда. Шайлоочулар дагы депутаттардын функциясын так билбегендиктен, “жол, мектеп салып бер” деп кайрыла беришет.
-- Кыргыз жыттанган мыйзамдар жазылбай жатабы?
-- 30 жылдан бери ары жагы Түркия, бери жагы Россия, Казакстандын айрым мыйзамдарын көчүрүштү. Ошон үчүн реалдуу турмушка дал келбеген, баш-аягы жок, чийки долбоорлор жазылды. Депутаттардын негизги милдети – кыргыз жыттанган мыйзамдарды жазып, укуктук талааны камсыз кылышы керек.
-- Жогорку Кеңештин курамы, сапаты боюнча кандай ойдосуз?
-- Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин курамын эле эмес, сапатын да караганга мезгил келди. Себеби, депутаттардын көбү бизнесмендер. Алардын эси-дарты – бизнесин коргоо. Тагыраагы, өзүнүн бизнесин депутаттык креслодон пайдаланып, бекемдөөнү күчөтүү. Адамдык жагын, билим деңгээлин, мекенчилдигин караганыбызда, көп депутаттын жасаган иши – алар ээ болгон мандатка, тагынган төш белгисине төп келбейт.
-- Эмне үчүн?
-- Анткени, айрымдары акылга сыйбай турган маселелерди Жогорку Кеңеште көтөрүшкөнүн байма-бай эле көрүп жатабыз. Жакында эле бир депутатыбыз “Валентин күнү деген майрамды алып салбайлыбы?” деди. Ал Валентин күнү биздин майрамдык даталарда жок экенин билбейби? Дагы бир депутатыбыз трибунага чыгып алып, өздөрүнүн жеке мамилелери жөнүндө айтып, деңгээлинин кандай экенин көрсөттү. Дагы бири хайптарды жасоо менен убара. Айтор, мына ушунун баары Жогорку Кеңештин сапатын, деңгээлин аныктайт. Ошон үчүн депутаттар өздөрү ээ болгон артыкчылыктар менен мамлекет төлөп жаткан маяналарды актап, элге кызмат кылып жатат деп айтуу кыйын. Кийинки шайлоодо мына ушунун баарына сөзсүз көңүл бурушубуз керек.
-- Чиновниктер боюнча да айтчу пикириңиз барбы?
-- Ал эми чиновниктер боюнча да ачык айта турган мезгил келди. Кандай гана мамлекеттик башкарууну алып карабайлы, администрацияда иштегендер менен жөнөкөй кызматкердин ортосундагы абал эки башка. Маяна жагынан да, артыкчылыктар тарабынан да адилетсиздиктер орун алып, тең салмактуулук сакталбайт. Эгер тең салмактуулук сакталганда, катардагы кызматкерлер администрацияда иштегендерден бир аз эле айырмаланган маяна алышмак. Тилекке каршы, ошол баланстын жоктугунан коррупциянын аягы тыйылбай келет. Өкмөт “мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрдүк” дешкени менен катардагы кызматкерлердин маянасы анчалык деле көтөрүлгөн жок.
Натыйжада, механизмдерди ишке киргизиш керек. Кадр саясатына аяр мамиле жасап, бир министрликтен кетсе экинчиге, экинчиден кетсе үчүнчү министрликке, андан да кетсе Акүй менен Көкүйгө алып барганды токтотуу шарт. Антпесек, “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” болуп, бир жерди кыйратпаган, жоопкерчиликти алалбаган, мамлекет үчүн кызмат кыла албаган кызматкерди сүйрөп алып, “эрке балдардай” кылып көрүнгөн жактарга көкөлөтүп жатабыз. Ушундай нерселер орун албасын десек, иштин көзүн билбегендерди эркелеткенди токтотуш керек.
"Азия Ньюс" гезити