Мыйзамсыз илинген тууга эч ким жооп бербей калдыбы? Кыргызбайчылык...

Жаңы жыл алдында борбордук аянтка илинген мыйзамсыз туу бир аптадан ашык желбиреп турду. Бул боюнча коомчулукта чоң талкуулар жаралды. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кимдер катачылык кетиргени териштирилип, жоопкерчилик жагы караларын айткан. Бирок андан бери канча убакыт өтсө да, “кулак-мурун кескендей” унчугушпайт. Негизи мамлекеттик символикаларга карата карасанатайлык, шалаакы мамиле жасаган чиновниктер мыйзамга жараша жазаланышы керек. Ал туу министрлер кабинети тарабынан чечилип, Ала-Тоо аянтына илингени кабарланган. Көп өтпөй Жогорку Кеңеш жактырган варианты кайрадан алмаштырылды. Ошентип, ашмалтай көрүнүшкө күбө болгонбуз. Ушул убакытка чейин укуктук баа берилбей, “бармак басты, көз кысты” мамиле өкүм сүрүп атса, анда биздеги баалуулуктар баркталабы?..
"Азия Ньюс" гезити