Талантбек Батыралиев: “Кыздарыбыз төрөбөй, уулдарыбыз тукумсуздукка кабылуу коркунучу жаралууда”

-- Талантбек мырза, азыркы учурда ковиддин кесепетинен жүрөгүнөн кармап кайтыш болгондордун саны арбып атат. Ушуга кандай чара көрсө болот?
-- Биз ковидди инфекциялык илдет катары жугуштуу оорулар ооруканасына тыгып алып, жеткиликтүү, көп тармактуу дарылай албаганыбыздан улам кандайдыр бир кыйынчылыктар пайда болууда. Маселен, ковидден кийин жүрөк ооруган болсо, ошого жараша тийешелүү түрдө дарыланып, кардиологдордун тыкыр көзөмөлүндө болуу кажет. Бейтап алгач профилактикалык, андан ары толук кандуу диагностикалык негизде дарыларды алып турбаса, анда оорунун кесепети көп жылдарга созулуп кетүү жагы бар экенин айтып коюшубуз керек. Ошондуктан ковидге каршы дарылоо ыкмалары көп тармактуу ооруканаларда жүргүзүлгөнү дурус болмок. Эгерде ковиддин кесепетинен неврология же башка бир системадан пайда болгон оорулар болсо, керектүү адистердин кароосуна, көзөмөлүнө жеткизип, өз убагында дарылануусу зарыл.
-- Бул ооруга болгон мамиле өзгөрдү, тактап айтсак, төмөндөгөн сыяктуу таасир калтырууда. Эмнеден улам дейсиз?
-- Башында ковид пайда болгон учурда муну биз жугуштуу оору катары жана өпкөгө гана залалын тийгизгенин байкап, ушул багытта гана иш алпарып, көптөгөн каталарды кетирдик. Бирок, көп өтпөй эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) окумуштуулары ковиддин жүрөк кан тамыр системаларына терс таасирин тийгизип атканын айтып чыгышты. Ушундан улам азыр деле бизде бул ооруну жугуштуу оору гана дебестен, грипп сыяктуу кабыл алып, баардык функционалдуу дарылоонун ыкмасына өтүшүбүз керек. Анткен менен ковидге кыла турган мамиле төмөндөдү. Вакцинага каршы чыккандардын саны көбөйүп атат. Бул жаңылыш фактор, алуу керек. Калган эмдөөлөргө тоскоолдук жаратууда. Алсак, кызамыкка каршы эмдөөнү өз убагында албагандыктан кыздарыбыз төрөбөй, уулдарыбыз тукумсуздукка кабылуу коркунучу жаралууда. Ушундай эле башка ооруларга каршы вакциналарды өз эрежеси, тартиби менен албай калышы мүмкүн деген ойлор жок эмес. Кандай болгон күндө да вакцина алалы. Анын пайдасынан башка зыяны жок деп эсептейм.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити