Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Бажы кызматында коррупция бүгүнкүгө чейин жоюлбай жатат”

-- Айбек мырза, комитеттин жыйынында сиз “бажы кызматынын төрагасы иштен кетиши керек” деген маселе койдуңуз. Буга олуттуу себеп барбы?
-- Быйылкы 2022-жылга коюлган план аткарыган жок. Ал 98 миллиард 450 миллион сом болгон. Аткарылбай калган себеби, бажы кызматында коррупция бүгүнкүгө чейин жоюлбай жатат. Азыр 73,5 миллиард сомго түшүрүштү. 24 миллиард сомго аткарылбай калды. Мамлекеттик тапшырма аткарылыш керек да. Аткарылбаса, тийешелүү жетекчи кандайдыр бир жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Эскертүү, же сөгүш алып, балким жумуш ордуна ылыйыктуулугу каралашы кажет. Мен ошол себептен бул маселени айттым.
-- Анда кеп личностто дейсизби?
-- Аткарылбаган себебин жетекчиден көрөм. Мен бюджет комитетинин мүчөсүмүн. Биздин комитетке келгенде “сиз бул планды аткара албайсыз. Аткарыла турган планды мойнуңузга албайсызбы?” десек, “жок, Кытайдан, башка жактан келген агымдар көбөйөт, мен аткарам” деген. Чынында аткарса болот болчу. Себеби, Россиядагы жана Украинадагы окуяларга байланыштуу товарлардын баары биз аркылуу өтүп жатат. Бул ачык-айкын нерсе. Аткарылбай калган эң негизги себеби – ал жердеги күңүрт схемалар. Бир мисал айтайын, менин бир таанышым жүк ташыган машина айдайт экен. Мен ага “мыйзамдуу салыгыңды төлө, бюджетке акча түшсүн. Бул мектеп, бала бакчалардын, бей-бечаралардын акысы” десем, ал “мен эки машина жүк алып келип, бирин мыйзамдуу төлөсөм, мени базадан чыгарбай коюшту. Бир ай күттүм. Анан экинчи машинама акча бергенге мажбур болдум” дейт. Бажыда иштегендердин жеке кызыкчылыгы үчүн ушундай нерселер болууда. Эгерде ал жерде жакшы көзөмөл жүргүзүлсө, натыйжа башкача болмок. Мына, салык кызматында пландар ашыгы менен аткарылып жатат. А эмне үчүн бажыда аткарылбайт?
-- “Бажыда иштеген алты жетекчини кошо бошотуш керек” дедиңиз. Алардын аты-жөнүн атаса болобу?
-- “Алты жетекчинин да жоопкерчилиги каралсын” деген себебим мындай да. Алар ошол бажынын башчысы менен отурат, аны менен түздөн-түз иштешет. Жанагы мыйзам бузуулар ошол кишилер отурган жерде болуп атпайбы. Мен ошон үчүн “алардын да жоопкерчилигин караш керек” дедим. Сөгүш береби, эскертеби... Бажы кызматынын төрагасында болуп жатат баардык маселе.
-- Бул маселе эми Жогорку Кеңештин жыйынында да каралабы?
-- Эртең экинчи окууда каралат. Акылбек Үсөнбекович өзү “сөзсүз жоопкерчилигин карайбыз” деген.
"Азия Ньюс" гезити