Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Элди алдаган курулуш компанияларга мамлекет рычагдарды колдонбойт”


-- Дастан Далабаевич, баягүнү Жогорку Кеңештин жыйынында сиз “элди алдады” деп бир топ курулуш компанияларынын аттарын атадыңыз эле. Ал маалыматтарды кайдан алдыңыз?
-- Жарандар өздөрү келип арызданып атышпайбы. Анан мен мамлекеттик органдарга запросторду жөнөтөм. Алардан болсо “карап жатабыз” деген жооптор келет. Суроо туулат: териштирүү эмнеге мынчалык узакка созулат? Кээ бир компаниялар 2017-жылдан, кээ бирөөлөрү 2013-жылдан баштап эле элди алдап жүрүшөт. Мамлекет болсо аларга карата рычагдарды колдонбогону таңгалычтуу.
-- Кандай дейсиз, курулуш тармагы элдин эсебинен акча табуучу өзүнчө эле бир бизнеске айланып бараткан жокпу?
-- Ачыгын эле айтайын, мен алгачкы жолу бешинчи чакырылышка депутат болгондо көп эле депутаттар курулуш компанияларын ачышкан. Себеби, ачыш оңой болчу. Лицензияны алган соң бир жерди ижарага аласың да, “турак үйдүн курулушу башталды, мынча квартиралуу, баасы мынчадан” деп кооз рекламаны жарыялайсың. Кардарлар келип, акчасын төгө баштайт. Ошол каражатка котлованын казып, пайдубалын куясың. Андан соң дагы кооз рекламаны жарыялайсың. Кардарлар акчасын төлөгөн соң, “курсамбы же курбай эле акчаны жеп алсамбы...” деп ойлоно баштайсың. Ушундай компаниялар көбөйүп кетти.
-- Сиз парламентте маселе көтөргөн соң кандайдыр бир жылыштар болдубу?
-- Тилекке каршы, мен тергөөдө иштебейм. Аларга иш козгогонго, камаганга укугум жок, бирок башкы прокуратурага бир топ арыздарды жөнөттүм. Министрлер кабинетине да жиберип, кырдаалдан чыгуунун жолдорун да сунуштагам. Көрөбүз го, кандай жыйынтык чыгарын.










