Өмүрбек Бабанов көз жазгырбай, түйүндөшкөн маселени чечпейби?

Журналист Алмаз Темирбеков Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй маалымат жазыптыр. Чындыгында көйгөйлөр бар. Бирок реакция болбой жатканы таңгалдырат. МБанктын башында турган Өмүрбек Бабанов көз жазгырып, мант бербей, түйүндөшкөн маселени чечпейби? Эмесе, баам салалы.
МБанк канчалаган адамдарды сыздатып жатат?
Айрымдарга алдамчылар аркылуу моюндарына жүз миңдеген насыя илинип, жабырлануучулар МБанкка карыздар болушуп, акыйкат издеп жүрүшөт. Кээ бирлери “эсебимде турган акчамдын дайыны жок, МБанк алып койду” дешип, кайтара албай убара. Акчасын туура эмес которуп алгандар арыз жазып кайрылышса дагы, адамдын күлкүсүн келтирген жок шылтоолорду айтышып, кайтарып беришпейт экен. Айтор, “алсам-жулсам, кайтарып бербейм” деген саясатты карманышып, ишмердүүлүк жүргүзгөн куйтулардын уюгу (!) десек жарашчудай.
Албетте, тез, ыкчам, ыңгайлуу жагы да бар. Бирок, эң негизгиси жарандардын укугу, кепилдиги, кызыкчылыгы корголгон эмес.
"Азия Ньюс" гезити