Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Түрмөдөн чыгарыбызды Садыр Жапаров гана чечет”

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Түрмөдөн чыгарыбызды Садыр Жапаров гана чечет”

25-декабрь, 09:00
516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Равшан байке, ден соолугуңуз кандай, оору-сыркоодон алыссызбы?
-- Кудайга шүгүр, эки жүздөн ашык адамды, ошонун ичинде мени дагы шарты ден соолукка туура келбеген жертөлөдө камап отурушат. Жертөлөнүн полу бетон, сыз, ным. Дубалдын кышы менен шыбагы урап түшүп жатат. Вентиляциясы менен жылыткычы иштебеген камерада отурам. Мунусу аз келгенсип, кире бериште эшиктин үстүнө 16 антенналуу чоң телефондун жыштыгын өчүрүүчү аппарат илип коюшкан. Жалпы түрмөнү кайтарууга видеокамералар аздык кылып жаткан окшойт. Ошондой эле эшигимдин алдына кошумча пост коюшкан. Күнү-түнү өзгөчө кайтаруу турат. Мындай басым-кысымга карабастан камалганыбызга бир жылдан ашык убакыт өтүп кетти.
-Абактагылардын маанайы кандай? Бири-бириңиздерди көрүп турасыздарбы? Эмнеге төрт “кемпирабадчыны жертөлөдөгү камерага которушту? Кыйноого туш болуп, каралардын туткунунда калган жоксузбу?
-- “Кемпирабадчылардын” баарынын маанайлары, духтары жакшы, бекем. Бири-бирибизди сотто же адвокаттарга чыкканда гана көрөбүз. Биз 5-10 метр аралыкта жашап жатсак да, эки башка континенттегидей элебиз. Көрүшпөйбүз. Төртөөбүздү: мени, Азимбек Бекназаровду, Кубанычбек Кадыровду жана Жеңиш Молдокматовду атайылап басмырлайлы, кыйнайлы (!) деген максатта жертөлөгө камагандарына төртүнчү айга кетти. Адам кыйынчылыкты жакшы жашоого караганда да көтөрөт экен. Бул жерге дагы көндүк. Төртөөбүздү “башкаларды бузуп жатышат” дешсе керек, бөлүп коюшту. Биз муну бийликтин кыйноосу катары эсептейбиз. Себеби, сыз, ным, абасы тазаланбаган жертөлөдө камоо – бул кыйноо. “Каралар” менен мамилебиз жок. 
-Мурдагы камалганыңызда камерада бирге жаткандарга англис тилин үйрөтүп, спорт менен машыгып, китеп окуп, убакытты бекер өткөрбөгөнгө аракет кылчу элеңиз. Азыр эмне иштер менен алек болуп жатасыз? Абакта өмүрүңүз өтүп, ден соолугуңуз кетип жатканына өкүнөсүзбү? 
-- Кайра-кайра камалып жатып түрмөгө көндүм, түрмөнүн жашоосун жакшы билип калдым. Түрмөдө убакытты туура пайдалансаң, өзүң үчүн көп пайдалуу иштерди жасаганга, жаңы нерселерге үйрөнүүгө жетишесиң. Аш, таттууларды жана камыр жууруп бешбармак жасаганды үйрөндүм. Күнүгө 3-4 саат китеп окуйм. Түрмө, саясат, экономика боюнча күндөлүк жазам. Балдарыма арнап каттарды жөнөтөм. Менин каттарым кийин балдарыма жана кызыккандарга сабак болобу, кимдир бирөөгө жол көрсөтөбү (?) деп ойлойм. Албетте, тар камерада спорт менен машыгам. Саясаттагы жаңылык “оору” да. Кечке күткөнүм “Азаттыктын” жаңылыктары.
Өмүрүмдүн түрмөдө өтүп жатканына өкүнбөйм, тескерисинче, сыймыктанам. Мен жерибиз, эркиндик, демократия боюнча күрөшкөн, бул баалуулуктар үчүн өмүрүмдү арнаган саясатчымын. Мага бүгүнкү кыйынчылыктар маанилүү эмес. Мага тарых, келечек жана балдарымдын, элимдин алдындагы жарык жүзүм маанилүү. Биз мыкты өлкөнү карама-каршылык күрөш жана фундаменталдуу демократиялар аркылуу гана кура алабыз. Өмүрүңдү чоң максатка арноо – бул бакыт.
-- “Кемпирабадчыларда эркиндикке чыгабыз деген ишеним күчүндөбү? Эмнеге үй камагына чыкпай жатасыздар? Үй камагына чыгуунун талаптары сиздердин позицияга дал келбей жатабы?
-- “Кемпирабадчылардын” түрмөдөн чыгарын Садыр Жапаров гана чечет. Бизди камаган. Ошон үчүн ал гана чыгарат. Соттор эч ким эмес, никто! Ортомчулар “бийликти сындабай, саясатка аралашпай, “Кемпир-Абад туура берилди” десеңер чыгасыңар” дешүүдө. Биз мындай кадамга бара албасыбызды айтып жатабыз. 
-Мындан аркы аракеттериңиз кандай болот?
-- Кемпир-Абад – бул суу, жер, аймактык бүтүндүк. Кемпир-Абад – бул чоң идея. “Кемпир-Абадчылар” бир күнү “жарк” деп ойгонот, өз ордун табат, чоң күчкө айланат. Саясый күрөштү улантабыз. 

P.S. Равшан мырзанын бийликке карата курч айтылган сын-пикирлерин кыскартууну туура көрдүк. Кечирим сурайбыз! Жашырганда эмне? Ансыз да гезит кыйынчылыктар менен чыгып жатканда, “бечелге жөтөлдүн кереги не?” дегендей кеп. "Азия Ньюс" гезтити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер